Орусиянын Краснодар крайынын ыкчам штабы 4-сентябрга караган түнү Сочи шаарында жана «Сириус» деп аталган федералдык аймагында жапырт дрон чабуулу болгонун билдирди. Бийликтин маалыматына караганда, абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз аппараттарды атып түшүргөндөн кийин алардын сыныктары турак жайларга жана башка имараттарга түшүп, бир нече жерде өрт чыккан.
Расмий маалыматта айтылгандай, өрт мунай базасынын аймагында да катталган. Бирок кайсы ишкана жабыркаганы жана келтирилген зыяндын көлөмү азырынча так айтылган жок. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.
ASTRA Telegram каналы жазгандай, сокку Сочинин Адлер районунда жайгашкан «Роснефть-Кубаньнефтепродукт» мунай базасына тийген болушу мүмкүн. Басылма күбөлөр жарыялаган сүрөттөр менен видеолордун негизинде объектти аныктаганын жазды. Ошондой эле жарыяланган видеолордон Сочиге жакын жердеги абадан коргонуу бөлүгүндө да өрт чыкканын көрүүгө болот.
Дрон чабуул коркунучу тууралуу Сочинин мэри Андрей Прошунин түнкү саат 00:40 чамасында билдирген. Мындан улам Сочи аэропорту убактылуу кабыл алуу жана жөнөтүү иштерин убактылуу токтоткон.
Ошол эле түнү Орусиянын башка аймактары да дрон чабуулуна кабылганы маалымдалды. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор калаага жакындап келген 35 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ростов облусунда болжол менен 25, ал эми Тула облусунда 17 дрон жок кылынганы айтылды.
Коопсуздук чараларына байланыштуу Самара, Ульяновск, Казан, Уфа, Оренбург, Краснодар жана Москвадагы Внуково, Домодедово, Жуковский аэропортторунда да учууларга убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Түнкү чабуулдун натыйжасында таанылбаган Абхазия менен чек арага жакын, Псоу дарыясынын жээгиндеги Имеретин ойдуңунда жайгашкан «Сириус» аймагында да өрт чыккан. Astra басылмасынын маалыматына караганда, ал жерде Орусиянын абадан коргонуу дивизиону, тактап айтканда С-300 же С-400 зениттик-ракеталык комплекстери жайгашкан. Бул аймакка быйыл май айында да сокку урууга аракет жасалганы кабарланган.
Орусиянын армиясы 3-сентябрга оогон түнү Украинанын Одесса шаарын кайра аткылап, 17 киши жабыркады, анын үчөө балдар.
Бул тууралуу Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, сокку 21 кабаттуу турак жайга тийип, анын 10-кабатынан 17-кабатына чейин 20 батирге, жакын токтотулган ондон ашык машинеге зыян келтирилди.
Чабуулдун кесепеттерин жоюу иши уланууда. Жеринде коммуналдык жана башка тиешелүү кызматтар иштеп жатат.
Мындан тышкары Черкассы облусунун Золотоношск районунда Орусиянын соккусунан электр линиялары, күн панелдери зыян тартканын облустун жетекчиси Игорь Табурец маалымдады.
Бориспол районунда осколкадан бир киши жараат алды. Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун билдирүүсүндө, кампага, административдик имарат жана дүкөнгө зыян келтирилди. Чабуулдун кесепети такталууда.
Запорожье облусунда бейшемби эртең менен орус армиясынын дрону Биленьке кыштагында жарандык автоунаага тийип, анын ичиндеги киши каза тапты, экинчиси жараат алганын облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров кабарлады.
2-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын Одесса шаарына сокку урду. Чабуулдан кеминде сегиз киши, анын ичинде бир бала жараат алганын шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Анын маалыматына караганда, соккудан 24 кабаттуу турак үй жабыркап, бир нече батир талкаланды. Жанындагы үйлөрдүн терезелери сынып, автоунаалар зыян тартты. Мындан тышкары кеңсе имараттары жана эки билим берүү мекемеси да зыянга учурады.
Одесса шаарынын расмий Telegram каналы Киев районундагы 13 турак жайга зыян келгенин билдирди. Жалпысынан 600дөн ашык терезе талкаланганы, Приморье районунда эки лицейдин жана кеңселердин имараттары да жабыркаганы айтылды.
Окуя болгон жерлерде куткаруучулар жана коммуналдык кызматтар иштеп жатат. Энергетиктер электр жабдууларын калыбына келтирүүгө аракет көрүүдө. Чабуулдан кийин шаарда электр транспорту убактылуу токтогону маалымдалды.
Орусиянын түнкү чабуулдарынан Киев облусу да жабыркады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Буча районундагы Вишневое шаарчасында эки таунхаустун конструкциялары талкаланып, өрт чыкканын билдирди. Кийинчерээк өрт өчүрүлгөн.
Куткаруучулар урандыларды тазалоо иштерин улантууда. Баштапкы маалымат боюнча каза болгондор жок. Жабыркагандардын саны такталууда. Reuters агенттиги күбөлөргө таянып Киев шаарында дагы жарылуу угулганын жазды.
Ал арада Орусиянын Пермь аймагындагы Новые Ляды конушунда жайгашкан “Протон-ПМ” ишканасынын цехтеринин биринде ири өрт чыкты. Жергиликтүү маалымат каражаттары жана украиналык мониторингдик каналдар ишкананын үстүнөн кара түтүн көтөрүлгөнүн кабарлашты.
Жергиликтүү тургундар абада күйгөн пластмассанын жыты сезилип жатканын айтууда. Бирок ишкананын өкүлдөрү окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Пермьдеги өндүрүш объектинде чыккан өрт аянты 2100 чарчы метрге жеткенин, жалын өчүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 80ден ашык кызматкер жана 28 техника тартылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек. Өрттүн себептерин тергөөчүлөр аныктайт.
“Протон-ПМ” ишканасы “Роскосмос” мамлекеттик корпорациясынын курамына кирет. Ишкана авиациялык кыймылдаткычтар үчүн тетиктерди, суюк отун менен иштеген ракета кыймылдаткычтарын жана Орусиянын авиациялык, аэрокосмостук өнөр жайы үчүн комплекттерди чыгарат.
Украинадагы согуш уланган шартта эки тараптын тең стратегиялык маанидеги объекттери жана шаарлары улам бутага алынууда.