Орус армиясы 13-сентябрга караган түнү жана жекшемби күнү эртең менен Украинанын батыш облустарына жапырт сокку урду. Одесса жана Одесса облусу дагы чабуулга кабылды.
Украинанын Аба күчтөрү Орусия демейдегиден көп, 450 дрон учурганын билдирди. Эртең менен дагы чабуулдар токтогон жок. Польшанын чыгыш аймактарында айгай жаңырды. Бирок аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалымат айтылган жок. Румыниянын бийлиги дрон өлкө аймагына учуп киргенин билдирди.
Хмельницк облусунда орус армиясынын соккусунан аты аталбаган өнөр жай ишканасында өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.
Украиналык ЖМКлардын жазганына караганда, Ивано-Франковск, Тернополь и Львов облустары соккуга кабылды. Львовдо Польшага жакын жерде жайгашкан май куюучу жайга чабуул жасалды. Өлкөнүн батышында темир жол дагы чабуулга кабылды.
Одессада дрон чабуулунан кийинки зыян тарткан үйлөрдүн сүрөттөрү жарыяланды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 9 киши жаараат алды.
Одессада 12-сентябрда 25 кабаттуу үйгө дрон тийип, куткаруу иштери аяктаган. Анда 2 киши каза болуп, 20сы жараат алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түнү «аскер багытындагы жүктөрдү бөлүштүргөн логистикалык боорборлорго, энергетикалык объектилерге» сокку урулганын билдирди.
Аталган мекеме Украинанын батышындагы темир жолго дагы сокку урулганын кабаралады.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия менен Украина президенттеринин ортосунда түз сүйлөшүүлөр болсо да Украинада убактылуу ок атышпоо мүмкүндүгүн четке какты.
Индиядагы БРИКС саммитинин алкагында ал “Россия-1” мамлекеттик телеканалынын кабарчысы Павел Зарубиндин суроосуна жооп берди: “Атайын аскердик операция (орус бийлиги Украинадагы согушту “атайын аскердик операция” деп атайт) сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө токтотулбайт.
Зарубиндин суроосунда Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Владимир Путин менен декабрда АКШда өтө турган G20 саммитинде түз жолугушуу сунушу да козголду. Лавров бул тууралуу укпаганын айтты: “Ал саякаттап жүрөт, ал үйүндө отурган жок. Биздин үйдө Орусиянын президенти дайыма көзөмөлдөп турган ишибиз бар. Эгер анын жолуккусу келсе, келсин. Бул биз тараптан жакшы ниеттин чоң ишараты болуп эсептелет”, - деди Лавров.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Эгер ал (Зеленский) чын эле Путин менен жолуккусу келсе, Москвага келсе болот. Муну Путин мурда дагы айткан”, - деп билдирди.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский быйыл июлдагы ачык катында Путин менен Москва жана Киевден башка дүйнөнүн кайсыл жери болбосун жолугушууну сунуштаган. Кремль бул сунушту четке кагып, Зеленский Москвага келсе болорун айткан. Путин менен Зеленский биринчи жолу 2019-жылы Париждеги саммите жолугушкан.
Орусия буга чейин гуманитардык себептерден улам убактылуу ок атышпоо сунуштарын четке каккан. АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин 5-6-сентябрда Москва менен Киевге болгон иш сапары учурунда эки тарап бири-биринин борборлоруна чабуул койбоону макулдашкан, бирок бул келишим эки өлкөнүн калган аймактарына тиешелүү болгон эмес.
Ишембиге караган түнү Орусиянын аскерлери Украинанын Кривой Рог шаарындагы өнөр жай ишканасына ракета менен сокку урганда кеминде эки адам каза болуп, дагы эки адам жараат алды.
Бул тууралуу Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.
Орусия Днепр шаарындагы ишканага дагы сокку урду. Ал жерде жабыркагандар жок.
Запорожье шаарындагы турак үйлөргө дрон менен сокку урулуп, 64 жаштагы аял жана 37 жаштагы эркек каза болду. 59 жаштагы аял жараат алганын облустун Коргонуу кеңешинин теңтөрагасы Иван Фёдоров Telegram-каналына жазды. Ал жарыялаган сүрөттөргө караганда, үй толугу менен талкаланган.
Одесса шаарында орусиялык дрон 25 кабаттуу турак үйгө тийип, кеминде 23 адам, анын ичинде беш айлык наристе жараат алды. Бул тууралуу Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.
Жети адам жана наристе ооруканага жаткырылды. Соккудан кийин үйдүн 21–23-кабаттарындагы батирлерде өрт чыккан.
Киевдин маалыматында, Орусиянын армиясы баллистикалык "Искандер-М"/KN-23 ракеталарын (саны айтылган жок), сегиз "Калибр" канаттуу ракетасын, Х-59/69 үлгүсүндөгү алты башкарылуучу авиациялык ракетаны жана реактивдүү кыймылдаткыч менен иштеген 129 дронду Украинанын аймагына учурган.
Ракеталар менен сокку уруучу дрондор 20 жерде бутага тийген, дагы төрт жерде алардын сыныктары чачыраган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү соккулардан кийин Запорожье, Кривой Рог жана Одесса шаарларындагы аскердик буталар талкаланганын билдирди.
"Запорожье, Днепропетровск жана Кривой Рог шаарларында аскердик багыттагы өнүмдөр менен камсыз кылган украин металлургия өнөр жай ишканалары талкаланды", - деп айтылат мекеменин эртең мененки билдирүүсүндө.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, түндө Одессада "порт инфратүзүмүнүн объектилери жана Одесса облусундагы стратегиялык маанидеги транспорт инфратүзүмүнүн объектиси жок кылынган.
Мекеменин маалыматында, бул объектилер аскердик багыттагы жүктөрдү түшүрүү жана сактоо, Украинага чет өлкөдөн курал-жарак жана ок-дары жеткирүүдө колдонулган.
АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасы болгон Өкүлдөр палатасында Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүү келерки аптада өтөт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып 12-сентябрда билдирди.
Мыйзам долбоорунун автору Түштүк Каролина штатынан шайланган сенатор Линдси Грэм болгон. Ал ушул жылдын июль айында көз жумган. Август айынын башында документти АКШ Конгрессинин жогорку палатасы болгон Сенат колдогон.
Сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса, АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мунайы менен газын эң көп сатып алган беш өлкөгө, ошондой эле Москванын энергетикалык санкцияларды айланып өтүшүнө көмөктөшкөн дагы беш мамлекетке карата 100 пайыздык бажы алымдарын киргизе алат.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Өкүлдөр палатасынын регламент боюнча комитет мыйзам долбоорун 14-сентябрда карайт. Эгер комитет аны жактырса, документ ошол эле аптада палатанын жалпы жыйынына добуш берүүгө чыгарылат. Өкүлдөр палатасы да колдогон учурда мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Буга чейин Трамп бул демилгени колдой турганын билдирген. Reuters агенттигинин булагы АКШ администрациясы мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылдыгын Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин 24-сентябрга белгиленген АКШ сапарынын алдында Вашингтондун позициясын бекемдөө аракети менен түшүндүргөнүн маалымдады.
Сенат мыйзам долбоорун 7-августта карап, 100 сенатордун 86сы колдогон. 11 сенатор каршы добуш берген.
Ошол эле учурда документ Өкүлдөр палатасында айрым демократтардын жана республикачылардын сынына кабылган. Алар президенттин тарифтерди киргизүүдөгү ыйгарым укуктарын кеңейтүү мунайдын баасынын өсүшүнө жана АКШнын соода өнөктөштөрүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн деп эсептешет.
Мыйзам долбоорун ExxonMobil, General Electric, Ford, Pfizer сыяктуу ири америкалык компаниялар жана АКШнын Соода палатасы да сынга алышты. Бизнес өкүлдөрү Конгресске жолдогон катында жаңы тарифтердин чыгымы акыр аягында керектөөчүлөргө жүктөлүшү мүмкүн экенин белгилешкен.