Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58
Patriot системалары. Архив сүрөт.
Patriot системалары. Архив сүрөт.

Patriot боюнча акыркы чечим. Зеленский Трамптан ракета жасоо лицензиясына макулдук алганын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:50 17.9.2026

17-сентябрга караган түнү Орусия Украинага кемеге каршы жана баллистикалык ракеталар, учкучсуз ракета-дрондор жана 157 учкучсуз учак менен чабуул койду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, алардын ичинен жети ракета-дрон жана 124 дрон атып түшүрүлгөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соккулар дале жарандык инфраструктурага багытталганын билдирди. Анын айтымында, сегиз облуста кыйроолор катталган.

"Орусия Сумы жана Одесса облустарындагы энергетикалык объектилерге сокку урду. Киев менен Одессада турак үйлөр жабыркады. Ондон ашык адам, анын ичинде балдар жаракат алды. Алардын айрымдары ооруканага жаткырылды", – деп жазды Зеленский.

Киев

Киевде 18 адам жабыркады, алардын экөө балдар.

Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, Днепр районунда кеңсе имараттары жана турак үйгө зыян келтирилди. Бир нече үйдүн терезелери талкаланды. Дрондордун сыныктары кампалардын аймагына жана май куюучу жайдын жанына түшкөн.

Святошинск районунда дрон эл жашабаган имаратка тийген. Ал эми Соломенск районунда кампанын имараты талкаланды.

"Укрзалізниця" компаниясы орус күчтөрү темир жол объектилерин бутага алууну улантып жатканын билдирди.

Киев облусу

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Орусия аймакка кечээ дээрлик күнү бою, түнү менен жана бүгүн таңга чейин чабуул койгонун билдирди. Жапырт сокку калктуу конуштарга жана жарандык объектилерге багытталганын кошумчалады.

Облус боюнча жалпысынан 33 объект зыян тарткан. Алардын 14ү Бровары районунда, 10у Фастов районунда жайгашкан.

Жер тамдар, кампалар, өндүрүш жайлары жана транспорт каражаттарына зыян келтирилген.

Одесса облусу

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин айтымында, облус түнү бою "душмандын жапырт чабуулуна" туш болду.

Жети адам жаракат алган. Алардын арасында төрт жана 13 жаштагы эки бала бар.

Орусиялык дрондордун бири көп кабаттуу үйгө тийип, 14-16-кабаттардагы он батир талкаланган. Ошондой эле 11 автоунаа жабыркаган.

Башка жерлерде кеминде беш жеке турак үй, бала бакча, жатакана, ресторан, кампалар, гараждар жана автоунааларга зыяны тийди.

Харьков облусу

17-сентябрдын таңында дрон Берестин шаарындагы темир жол бекетине сокку урган.

"Укрзалізниця" берген маалыматка ылайык, бекеттин имараты олуттуу зыян тарткан.. Бирок жүргүнчүлөр менен кызматкерлер баш калкалоочу жайда болгондуктан, жабыркагандар болгон эмес.

Сумы облусу

Сумы облусунда акыркы суткада Орусиянын соккуларынан бир адам каза болуп, кеминде 15 киши жаракат алган.

Облустук аскердик администрациянын маалыматына караганда, орус армиясы аймакка болжол менен 90 жолу сокку урган. Облустагы 12 конушта кыйроолор катталган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киев шаарында жана Киев облусунда учкучсуз аппараттарды өндүрүү жана сактоо боюнча эки цехке, анын ичинде "Пегас Армс" ишканасына, дрондор үчүн тетиктерди чыгарган ишканага,"Де Ново Дата-Центр" борборуна жана Броварыдагы аккумулятор паркына сокку урулганын билдирди. Запорожье облусунда "Запорожсталь" металлургия комбинаты жана "Искра" радиоэлектрондук өнөр жай ишканасын, Одесса облусунда эки көпүрө, "Арциз" электр көмөк чордону жана Чорноморск портундагы жүк ташуучу кемени бутага алганын маалымдады.

Орусиянын армиясы Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери Одессадагы портторду дээрлик күн сайын аткылап келет. Далилдерге карабай Москва Украинанын жарандык жайларына сокку уруп, миңдеген кишинин канына забын болуп жатканын моюнга албайт.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

12:58 16.9.2026

Украин бийлигинин маалыматына караганда, 16-сентябрда Орусиянын дрон чабуулунан Днепропетровск облусундагы Никопол шаарында жүргүнчүлөрдү ташып бараткан автобус бутага алынып, беш киши каза болду. Дагы жети адам жараат алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда.

Ошол эле күнү Киевден Николаев шаарына бара жаткан жүргүнчү поезди да чабуулга кабылды. Украинанын темир жол компаниясы жүргүнчүлөр, локомотив жана поезд бригадалары алдын ала эвакуациялангандыктан жабыркагандар жок экенин билдирди. Жарыяланган видеолордон сокку локомотивге тийгенин көрүүгө болот.

Киевде да дрон чабуулунун кесепеттери катталды. Шаардын мэри Виталий Кличконун маалыматына ылайык, Святошино районунда учкучсуз учактын сыныктары кампалар жайгашкан аймакка түшүп, бир адам жараат алып ооруканага жеткирилген. Чабуулдан кийин кампалардын биринде өрт чыккан.

Орусиянын Коргоо министрлиги кийинчерээк сокку Украина армиясы үчүн атайын автоунааларды чыгарган автотранспорт ишканасына жасалганын билдирди.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, бир күн мурда да дрон чабуулдарынан бир адам каза болуп, дагы 11 киши жараат алган.

20:44 15.9.2026

Сентябрь айында дрондордун чабуулдарынан улам Орусиядагы эң ири алты мунай иштетүүчү заводдун үчөө өндүрүш көлөмүн олуттуу кыскартты же толугу менен токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги күйүүчү май рыногундагы булактарга таянып билдирди.

Reuters маалыматына ылайык, Омск, Кириши, Танеко, Волгоград, НОРСИ жана Пермь мунай иштетүүчү заводдору Орусиядагы дизел өндүрүшүнүн болжол менен жарымын камсыздайт.

Агенттиктин булактарынын айтымында, Кириши мунай иштетүүчү заводу толугу менен токтогон. Ал эми Волгоград заводунда жана НОРСИде өндүрүш долбоордук кубаттуулуктун болжол менен төрттөн бир бөлүгүндө гана жүрүп жатат.

Reuters белгилегендей, АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик жаңжал дүйнөлүк күйүүчү май жеткирүүлөрүнө терс таасирин тийгизди. Мындан тышкары, украиналык дрондордун мунай иштетүүчү заводдорго соккулары Орусиядагы күйүүчү май өндүрүшүн азайтып, бийликти бензин менен дизелдин экспортун чектөөгө мажбур кылды.

20:44 15.9.2026

Орусиялык аскерлер 15-сентябрга караган түнү Киевге жана Украинанын башка аймактарына чабуул коюшту.

Дрондор Дарница жана Голосеев райондорундагы май куюучу жайларга сокку урган.

Мэр Виталий Кличко дрон Оболонь районундагы кампага тийиши мүмкүн экенин айтты. Соломен районунда киши жашабаган турак жай кыйраган. Чабуулдардын кесепетинен бир адам каза болуп, дагы жетөө жараат алган.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер аймактын жарандык инфратүзүмүнө жапырт чабуул болгонун кабарлады. Анын айтымында, турак үйлөр, логистикалык объектилер, порт жана транспорттук инфратүзүмдөргө сокку урулган. Жеке үйлөрдүн чатырлары, фасаддары, айнектери, ондогон гараждар жана автоунаалар зыян тартты. Адамдар арасында жабыркагандар жок.

Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Никополь районундагы орусиялык чабуулдардан эки адам жараат алганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса облусунун Великая Балка айылында логистикалык борбор, ал эми Черноморск портундагы жүк ташуучу кеме жана паром жабыркаганын билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө орусиялык аскерлер Украинанын батыш аймактарындагы Европа өлкөлөрүнөн аскердик багыттагы жүктөрдү ташуу үчүн колдонулган темир жол инфратүзүмүнүн объектилерине сокку урууну уланткан.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы Волында орусиялык соккудан кийин тепловоз өрттөнүп кеткенин, жабыркагандар жоктугун кабарлады.

Орусия 15-сентябрга караган түнү Украинага карай 200 учкучсуз учак учуруп, анын 187син Украина куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү атып түшүргөн. Маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG