Орусиянын армиясы 6-октябрда эртең менен Украинанын Запорожье шаарында Днепр дарыясы аркылуу өткөн көпүрөлөрдөн бирине сокку урду.
Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Михаил Семикин билдирди.
Анын айтымында, чабуулда беш киши жабыркады, арасында Кызыл чырым уюмунун эки кызматкери да бар. Көпүрө аркылуу кыймыл убактылуу токтотулду. Орус тарап сокку тууралуу комментарий бере элек.
Акыркы күндөрү орус армиясы Украинанын баш калаасы Киевде Днепрден өткөн Түндүк жана Түштүк көпүрөлөрүне бир нече жолу сокку урган. Анын кесепетинен шаардагы транспорт кыймылы үзгүлтүккө учураган.
Киевде Орусиянын соңку чабуулунан окуу жайлардын биринин чатыры күйүп кетти. Өрт өчүрүлгөн, эч ким жабыркаган эмес.
Одессада менчик ишкананын имаратына зыян келтирилип, өрт чыкканын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер маалымдады.
Мындан тышкары Орусия Кара деңизде Маршалл аралдарынын желеги алдындагы өсүмдүк май тарткан кемеге сокку уруп, бир киши каза тапты, жетөө жараат алды.
Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдардан Одесса облусунда ракеталык-артиллериялык курал-жарак кампасы, Кара деңизде жүк тарткан кеме, Измаил портунун инфраструктурасы талкаланганын билдирди.
6-октябрда эртең менен Орусия Украинанын Кривой Рог шаарында ооруканага сокку урганын Калааны коргоо кеңешинин жетекчиси Александр Вилкул маалымдады. Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа бул чабуулда жабыркагандардын саны төрт кишиге жеткенин кабарлады. Экөө бейтапканада иштегендер.
Жалпысынан Украинанын аба күчтөрү берген маалыматка караганда, шейшембинин түнү Орусия украин жергесине 137 дрон учурду, анын 114ү атып түшүрүлдү.
Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болбой турат.
Орусиянын аскерлери 6-октябрга караган түнү Украинага кайрадан учкучсуз учуучу аппараттар менен жапырт чабуул жасады. Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, жалпысынан 137 дрон учурулган.
Украина тарап билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү алардын 114үн атып түшүргөн же радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен зыянсыздандырган. Ошентсе да дрондордун соккулары 17 жерде катталып, дагы төрт аймактан кулаган аппараттардын сыныктары табылган.
Запорожье шаарында таңкы маалда Днепр дарыясынын үстүндөгү көпүрө бутага алынып, анын кесепетинен кыймыл убактылуу токтотулду. Акыркы маалыматтар боюнча, кеминде беш киши жаракат алды. Алардын арасында Кызыл Чырым уюмунда иштеген эки кызматкер да бар.
Днепропетровск облусунда түн ичинде дээрлик 20 дрон чабуулу катталды. Никополь районунда эки адам жаракат алып, турак үй менен автоунаага зыян келтирилгени маалымдалды. Ошондой эле бир катар калктуу конуштар жана жамааттар чабуулга кабылган.
Одесса шаарында инфраструктуралык объекттер бутага алынган. Жергиликтүү бийлик жабыркагандар жок экенин билдиргени менен, жеке ишканалардын биринин имаратына зыян келтирилген.
Киевде да жардыруу угулду. Оболонь районунда дрондун сыныктары окуу жайлардын биринин чатырына түшүп, өрт чыккан. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү дрондор Орусиянын аймагынан, Донецк облусунун оккупацияланган бөлүктөрүнөн, Крымдан жана Азов деңизинен учурулганын билдирди. Чабуул эртең мененки саат сегизден кийин да уланган.
7-октябрга караган түнү Орусия Украинага 137 учкучсуз учак менен чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдиргендей, алардын 114ү атып түшүрүлгөн же радиоэлектрондук күрөш каражаттары аркылуу зыянсыздандырылган. Ошол эле учурда 17 жерде сокку урулган учурлар катталып, айрым аймактарда дрон сыныктары кулаганы маалымдалды.
Запорожье облусунда Днепр дарыясы аркылуу өткөн көпүрөлөрдүн бирине сокку урулуп, кыймыл убактылуу токтотулду. Облустук аскердик администрациянын башчысы Михаил Семикин беш адам жабыркаганын билдирди. Алардын арасында Кызыл Чырым уюмунун эки кызматкери бар.
Одесса облусунда түнкү чабуулдан кийин жеке ишканалардын биринин имараты жабыркап, өрт чыккан. Өрт өчүрүлгөнү, жабыркагандар жок экени кабарланды.
Киевдин Оболон районунда окуу жайлардын биринин чатырынан өрт чыгып, куткаруучулар аны өчүрүштү. Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар катталган эмес.
Мунун алдында, 6-октябрда күндүз Харьков шаарына жасалган авиациялык соккулардан алты адам каза болуп, 50дөн ашуун киши жаракат алганы маалымдалган.
Ошол эле учурда Орусияда Москва облусу да дрон чабуулга кабылды. Облустун губернатору Андрей Воробьевдин айтымында, абадан коргонуу күчтөрү жана радиоэлектрондук күрөш каражаттары Москванын аймагындагы 16 муниципалитетте жалпысынан 185 учкучсуз аппаратты жок кылган же басаңдаткан.
Солнечногорск шаардык округуна караштуу Радумля конушунда 20 жаштагы жаран каза болгон. Истра районунда 10 жеке үй, чарбалык курулуштар жана эки жеңил унаа жабыркаган. Волоколамск округундагы Покровское айылында да турак жайлар зыян тарткан.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Москванын чет жакасындагы бир нече калктуу конушта алты адам жаракат алды. Домодедово районуна караштуу Лобаново айылында жеке үй күйүп кетсе, Барыбино конушунда дагы бир турак жай талкаланган.
Украина тарап Москва облусуна жасалган бул масштабдуу чабуул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин сутка башталгандан бери борборду көздөй багыт алган 100дөн ашуун дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
5-октябрга караган түнү орус аскерлери Украинага 205 учкучсуз учак менен сокку урду.
Украинанын Куралдуу күчтөрү алардын 172си атып түшүрүлгөнүн билдирли.
Харьков шаарында жекшемби күнү кечиндеги чабуулдан кийин куткаруучулар орус дрондору тийген турак жайлар жайгашкан жерде иштеп жатышат. Шаардын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, соккудан бир адам каза болуп, кеминде сегиз киши жаракат алган.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, орус аскерлери шаардын Индустриалдык районуна сокку урган. Натыйжада эки кабаттуу административдик имарат жана автоунаалар өрттөнгөн. Ошондой эле турак жайлар жана административдик-өндүрүштүк имараттар жабыркаган.
Түн ичинде Одесса облусу да чабуулга кабылган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, өнөр жай объектилери, порттук инфраструктура жана дача аймагына сокку урулду.
"Чоң өрт чыкты. Коюу түтүн каптагандыктан, Одессадагы Өзгөчө кырдаалдар кызматынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча адистери аймакты текшеришти. Өлчөөлөрдүн жыйынтыгында кооптуу заттар аныкталган жок", — деп билдирди облустук администрациянын башчысы Олег Кипер.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.