Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:32 5.3.2022

5-мартта Орусияда Украинага каршы согушка каршы чыккан активисттердин үйүнө укук коргоо органдары келип тинтүү жүргүзүп, кармап кеткени кабарланды. 

Медиазонанын кабарлашынча, Петербургда жана Владимирде ондон ашуун активист, муниципалдык депутаттар, акцияга чыккандарды сотто коргогон укук коргоочулардын үйү тинтүүгө алынган. 

 

13:46 5.3.2022

Орус аскерлери көзөмөлдөп жаткан Чернобыл АЭСинин кызматкерлери станцияда он суткадан бери отуруп. 

"Громадське" маалымат агенттиги Славутич шаарынын мэри Юрий Фомичевге шилтеме кылып, орус аскерлери көзөмөлдөп турган өзөктүк станциянын кызматкерлери он суткадан бери эки топко бөлүнүп иштеп жатканын кабарлады.  

"Алардын тамак-ашы, дары-дармеги чектелүү. Оор шартта иштеп жатышат. Алардын жакындары кабар ала албай жатат", - деди Фомичев.​

 

 

13:48 5.3.2022

 

Мариуполдун жай тургундарын эвакуациялоо башталды

 

 

15:32 5.3.2022

Украинанын Коргоо министрлиги 5-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 10 миңден ашык жоокерди түзөрүн маалымдады. Мунун ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналып жатат.

Мекеме жаңы маалыматында, Орусиянын 39 учагы, 40 тик учагы, 269 танкы, 945 чопкутталган транспорту, 409 автоунаасы, 105 артиллериялык системасы, 74 замбиреги (пушка), бир “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 50 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, үч учуучу аппараты, эки кемеси, 19 абадан коргонуу системасы жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын куралдуу күчтөрү он күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 2037 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 5-мартта кабарлагандай, мындан сырткары Украинанын 708 танкы жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 82 учагы, 74 ракета атуучу системасы, 261 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алган. Мекеме андан бери каза болгон аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG