Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:01
Херсон. Соккуга кабылган автобус.
Херсон. Соккуга кабылган автобус.

Херсондо Орусиянын соккусунан эки жайкын тургун каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:57 23.3.2022

Бириккен Улуттар Уюму Орусия кол салгандан берки Украинанын абалы тууралуу отчетун жарыялады.

Женевада БУУнун Качкындар иши боюнча өкүлү Мэтью Солтмарш Украинадан чыгып кеткен элдин саны 3,5 миллиондон ашканын билдирди. Уюмдун маалыматында бул так цифра эмес, бозгундардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн.

Качкындардын 2,1 миллиону Польшадан баш калка тапса, 543 миңи Румынияда, 367 миңи Молдовада, 252 миңи Орусияда, 4 миңи Беларуста баш калкалап турат.

ДСУнун кызматкери Маргарет Харрис 24-февралдан 18-мартка чейин медициналык мекемелерге 62 жолу кол салуу болгонун билдирди. Анын натыйжасында 15 адам каза таап, 37и жарадар болгон. "Мындай чабуулдар эл аралык укукка каршы келет" деди ДСУнун өкүлү.

22-мартта БУУнун атайын өкүлү Виржиния Гамба мектептерге жана ооруканаларга чабуулду тез арада токтотууга, бул объекттерди аскердик максатта колдонбоого чакырды.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 24-февралдан 21-мартка чейин Украинанын аймагында 953 адам каза таап, 1557си жарадар болгонун билдирди.

Курмандыктардын реалдуу саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Гамбанын айтымында, жоготуулардын көп бөлүгү жарылуучу курал колдонулган жерлерде катталган.

12:50 23.3.2022

Орусиялык аскерлердин аткылоосунан кийинки Николаевдеги психиатриялык оорукананын абалы. Бул жайда 50дөй бейтап болгон. Ракеталык чабуулдун алдында оорукананын кызматкерлери бейтаптарды коопсуз жерге чыгарып жетишкен.

14:15 23.3.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун божомолуна ылайык, Украинадагы согуш дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Ал эми айрым өлкөлөрдө ачарчылык да болушу ыктымал.

Мунун негизги себеби – Украина жана Орусиянын дүйнөдөгү күн карама майы менен буудай базарындагы үлүшү, ошондой эле башка дан эгиндерин (жүгөрү, арпа ж.б.) өндүрүү боюнча да үлүшү кыйла чоң экендиги. БУУнун эсебинде, бул эки өлкөдө өндүрүлүүчү май менен буудай башка мамлекеттерге жеткирилбей калса, дүйнөдө 40 миллиондой адам өтө жакыр абалга түшүп калышы мүмкүн.

15:40 23.3.2022

Орусия басып киргенден бери Украинада 121 бала каза болду

Украинанын Башкы прокуратурасы Орусиянын кол салуусунан 121 бала каза болуп, 167 бала жараат алганын билдирди.

"Киев облусунда 61, Харьковдо 41, Донецкиде 40, Черниговодо 32, Николаеводо 21, Киевдин өзүндө 16, Житомирде 15, Херсондо 15, Сумы облусунда 14 бала жабыркаган" деп жазылган билдирүүдө.

Прокуратуранын маалыматында күн сайын бомбалоо жана аткылоодон улам 548 окуу жайы жабыр тартып, 72си толугу менен талкаланган.

"Донецк, Харьков, Николаев, Сумы, Киев, Херсон, Чернигов жана Киевде абал оор. Душмандын огунан балдар үчүн курулган 40тай имарат кыйрады. Алардын арасында искусство мектеби, китепкана, спорт ж.б. объектилер бар".

Прокуратура бул сан толук эмесин, оккупацияланган жана согуш жүрүп жаткан аймактарды текшерүүгө мүмкүн болбой жатканын кошумчалаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG