Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Орусиянын бир катар аймактарында өрт чыкты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:17 10.4.2022

Украинанын борбору Киевдин түндүк тарабында жайгашкан Бузова айылында ондогон жай тургундардын сөөгү көмүлгөн жапырт көрүстөн табылды. Бул тууралуу Бузова айылы кирген Дмитровка айылдык аймактын башчысы Тарас Дадич кабарлады.

Сөөктөр май куюучу жайдын жанына көмүлгөн.

Дадичтин айтымында, мындан тышкары жай тургундардын сөөктөрү аткылоого туш болгон автоунаалардын ичинде да табылган. Көз карандысыз булактар бул маалыматты тастыктай элек.

10:34 11.4.2022

Украинанын президенти орусиялык аскерлер талкалаган шаарлардын сүрөтүн көргөздү.

10:45 11.4.2022

Михаил Подоляк - Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу тууралуу

Украинанын президентинин кеңсесинин президенти Михаил Подоляк Владимир Зеленский менен Владимир Путиндин жолугушуусу Украина чоң кармаштарда, анын ичинде Донбасста жеңгенден кийин болот. Бул тууралуу "Украина чындыгы" жазды.

"Орусия империялык иллюзиясынан баш тартсын деп жатканбызды түшүнүшү керек. Канча убакыт керек экенинин айырмасы жок", - деди Подоляк.

11:21 11.4.2022

Украинада быйыл айдоо аянтынын 70 пайызында гана жазгы талаа иштери жүрүшү мүмкүн

Украинанын агрардык саясат жана азык-түлүк министринин орун басары Тарас Высоцкий жакын арада Чернигов жана Сумы облустары минадан тазаланса, аянт 80% кеңейиши мүмкүн экенин билдирди. Высоцкийдин айтымында, ички керектөө үчүн 70 пайыз айдоо аянты жетиштүү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG