Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:23 11.4.2022

Николаевде күчтүү жарылуу болгону Телеграм-каналда кабарланды

 

12:37 11.4.2022

Дүйнөлүк банк Орусия жана Украинанын ИДПсынын кыскарышын божомолдоодо

Дүйнөлүк банктын аналитиктеринин пикиринде Орусиянын ИДПсы санкциялардан улам 2022-жылы 11,2 процентке азаят.

Украинаныкы 45,5% азайышы мүмкүн. Буга согуштан улам экспорттун көлөмү кыскарганы, бизнестин жабылганы себеп. Эксперттердин айтымында, Украинада компаниялардын жарымы ишин токтотту, экспортко деңиз жээгиндеги порттордун жабылганы таасир эткен. 

12:48 11.4.2022

"Таймс": Финляндия жана Швеция НАТОго ушул жайда кошулушу мүмкүн

Британиялык "Таймс" басылмасы америкалык булактарга таянып, Финляндия жана Швеция ушул жайда НАТОго кошула турганын жазды. Гезит "бул Орусия үчүн  стратегиялык жеңилүү болот" деген булактын сөзүн мисал келтирген.

Эки өлкөнү аскердик уюмга мүчөлүккө кабыл алуу өткөн жумада алардын тышкы иштер министрлери менен НАТОнун башка өкүлдөрү жолукканда талкууланган. 

"Финляндиянын арызы июнда, Швецияныкы андан кийин" деп жазды "Таймс"

 

12:53 11.4.2022

Кадыров Донбасстан тышкары жерде чабуулдар менен коркутту

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров ​түндө видео жарыялап, орус армиясы "Мариуполго гана эмес, башка шаарларга да чабуул коюуга даярданып жатканын" билдирди. Андан кийин "Киевди жана башка шаарларды алабыз" деди Кадыров. 

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG