Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:12 11.4.2022

Австриянын канцлери Карл Нехаммер 11-апрелде Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул Орусия Украинага кол салгандан бери Путин менен Европа мамлекеттеринин лидеринин алгачкы жолугушуусу болот.

"Мен Москвада Владимир Путин менен жолугам. Биз аскердик жаатта бейтарап болуп келгенбиз, бирок Украинага каршы Орусиянын агрессиясына каршы так позициябыз бар. Ал токтошу керек. Гуманитардык коридорлор түзүлүп, ок атышуу токтоп, согуш, согуш кылмыштары толук иликтениши керек",-деп жазды Нехаммер Твиттерге.

 

16:13 11.4.2022

10-апрелде Германиянын бир нече шаарында Орусияны жактагандардын акциялары өттү. Ганновер жана Франкфурт калааларында алардын саны бир нече жүздү чамалады.

Алар "кастыкты козутууну" жана орус тилдүүлөрдү «бөлүп-жарууну» токтотууга чакырышты.

Акциянын катышуучулары Орусиянын жана Германиянын желектерин көтөрүп турушту. Буга чейин демонстранттарга "V" же "Z" деген белгилерди шардана кылууга тыюу салынган.

Орусиячыл демонстранттар Украинадагы согушка каршы топтолгондор менен кагылыша кетишти.

16:26 11.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинага кошумча жардам керек экенин 11-апрелде Түштүк Кореянын парламентине жасаган кайрылууда билдирди.

Ал эл аралык коомчулук мажбурламайын Орусия согушту токтотпостугун кошумчалады. Зеленскийдин айтымында, Москва учурда Украинанын чыгышында он миңдеген аскерлерин топтоп, ири кол салууга камданып жатат.

Орус армиясы стратегиялык деп эсептелген, курчоодогу Мариупол шаарын толук өз карамагына алуунун аракетинде.

"Мариупол толук талкаланды, он миңдеген адам курман болду. Бирок ага карабай орус армиясы чабуулдарын токтото элек",-деди Зеленский. Ал айткан сандарды көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

 

17:39 11.4.2022

Европа Биримдиги Орусиянын 21 авиакомпаниясын "учууга кооптуу" деген тизмеге киргизип, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирүүсүнө тыюу салды. Мындай чечим учактардын ээлеринин жана өндүрүүчүлөрүнүн өз паркынын техникалык абалына "жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн" түшүндүрүлдү.

Бул тизмеге Орусиянын бардык ири авиакомпаниялары, анын ичинде "Аэрофлот", "Победа", S7 жана "Россия" кирген. 

Орусия менен Евробиримдиктин ортосундагы аба каттамдары Украинадагы согуштан улам үзгүлтүккө учураган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG