Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:42 11.4.2022

Франциянын Украинадагы элчиси өлкөгө француз жандармдарынын тобу келгенин айтты. 

 

 

 

19:28 11.4.2022

Кыргызстандагы "Жардам берүү жеңил" коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева украиналыктар үчүн гуманитардык жардамдын биринчи партиясы чогулганын билдирди. 

Динара Аляева украиналыктарга жардам берүү тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 4-апрелде жазган.

“Жөн эле карап отурганга убакыт жок. Ар кандай согуштун баасы - бейкүнөө адамдардын өмүрү! Жардам чогултуп, алсыз бийлигибизге адам болуу эмне экенин көрсөтөлү! Баткендеги чек ара окуясынан кийин биз мындай учурларда эмне керек экендигин жакшы билип калдык.”, - деген Аляева.

Жардам берүүнү каалагандар Бишкектин Жаш Гвардия 71а дарегинде жайгашкан Биринчи балдар хосписине кайрылса болот.

Буга чейин март айынын башында айрым активисттер “Жаша Украина” деген аталыштагы жардам чогултуу өнөктүгүн баштаган.

Уюштуруучулардын бири Айбек Турдалиев Украинанын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган гумжардам эсебине 2300 доллар которушканын билдирди.

23:38 11.4.2022

Евробиримдик Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу дүйнө азык түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин эскертти. Шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел буга айыл чарбага негизиделген украин экономикасынын төмөндөшү түрткү болорун айтты.

Ал 11-апрелде билдиргендей, Орусиянын армиясы украин шаарларын бомбалап, портторду блоктоп салган үчүн буудай ташыган кемелер чыга албай турушат.

Буга чейин Дүйнөлүк банк 10-апрелде жарыялаган баяндамасында, Украина экономикасы быйыл 45% кыскарарын билдирген. Ошондой эле Орусиянын экономикасы Батыш санкцияларынан улам 11% төмөндөй турганы белгиленген.

"Согуш Украина экономикасына жана Европа менен Борбор Азиядагы өнүгүп бараткан мамлекеттерге олуттуу таасирин тийгизип жатат. Баарынан да жакыр жана аярлуу өлкөлөр жабыркайт", - деди Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде.

Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга кыскарып, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган.

Ошондой эле Орусияга салынган санкциялардан улам ал жактагы мигранттар которгон каражаттын кыскарышы ыктымал экени белгиленген. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү, жумуш орундарынын аздыгы 2022-жылы жакырчылыкты күчөтүшү боолголонгон.

Ошол эле маалда өкмөттүн пенсия менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү сыяктуу антикризистик чаралары кырдаалдан жумшак өтүп кетүүгө өбөлгө түзөрү жазылат.

23:41 11.4.2022
Кремл Украинадагы кол башчысын алмаштырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:51 0:00

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG