11-апрелде Харьков шаарындагы көчөнү орусиялык аскерлер миномет менен аткылашты. Аткылоо эл көп жүргөн көчөдө болгону видео камерага түшүп калган.
Дүкөндөгү бааларды согушка каршы чакырыктарга алмаштырган сүрөтчү аял сурак берди.
Дүйшөмбүдө Санкт-Петербургда сүрөтчү жана музыкант Александра Скочиленконун батири тинтүүгө алынды. Ал дүкөнгө барганда баа жазылган кагазды Мариуполдогу каза тапкан жай тургундар тууралуу маалыматка алмаштырган. Буга чейин ушундай эле акция Казанда да өткөн.
Тинтүүдөн кийин Скочиленкону "орус армиясы тууралуу фейк тараткан" деген кылмыш ишине шек санап, суракка алып кеткенин "Вот Так" басылмасы жазды.
Украиналык куткаруучулар Бородянкада урандыларды тазалоо ишин жүргүзүп жатат
Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы орусиялык ракета тийип кыйраган үйлөрдүн астынан 11-апрелде дагы жети адамдын сөөгүн алып чыкканын кабарлады.
Варшавада Орусияга караштуу "Шпионово" имараттары улутташтырылып, Украинага берилмей болду
Варшаванын мэри Рафал Тшасковский дүйшөмбүдө Орусиянын элчилигине караштуу турак жай комплекси улутташтырылып, Украинага качкындарды жайгаштыруу, мектеп жана маданий борбор үчүн ижарага берилерин билдирди.
Варшаванын жашоочулары бул комплексти Szpiegowo – "Шпионово" деп тамашалап аташат. Комплексти советтик дипломатиялык өкүлчүлүк 1970-жылдары ижарага алган. Польшадагы коммунисттик режим кулагандан кийин имарат ээн калган. Бирок Орусия СССРдин мураскору катары аны Польшага берүүдөн баш тарткан. Поляк бийлигинин билдиришинче, имарат жана анын аянтынын ижара мөөнөтү эбак аяктаган.
Польшанын ТИМи орусиялык дипломатиялык мекеме өлкөдө Орусиянын Польшадагы өкүлчүлүгүнө караганда көбүрөөк кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын айтып келет. Варшава муну "дипломатиялык ич ара мамиленин" принциптерин бузуу катары баалайт.