Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:05 12.4.2022

Зеленский: Мариуполду толук бошотуу үчүн курал жетишсиз

Украинанын президенти Владимир Зеленский ​видеокайрылуусунда Мариуполду курчап турган орусиялык аскерлерден бошотуу үчүн курал тартыш болуп жатканын билдирди. 

"Биз азыр деле биздин өнөктөштөрдүн куралына көз каранды болуп турабыз. Тилекке каршы биз бул согушту токтотуу жана душманды жок кылуу үчүн жетиштүү көлөмдө курал ала элекпиз. Эгер биз учактарды, чопкутталган техниканы, артиллерияны алганда аны кылмакпыз", - деди Зеленский. 

 

12:24 12.4.2022

Жапониянын ТИМи Орусиянын 398 жаранына жана 28 уюмуна санкция салынганын билдирди

Жапониянын тышкы саясат боюнча мекемесинин маалыматында бул "эл аралык тынчтыкты сактоо аракети үчүн өлкөнүн салым" экени жазылган. 

Санкция салынгандар арасында Мамдуманын 385 депутаты жана Путиндин кыздары экени айтылып жүргөн Катерина Тихонова менен Мария Воронцова бар. Мындан тышкары тизмеге Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун аялы Мария Лаврова жана кызы Екатерина Винокурова илинген. 

Жапония мындан тышкары Орусиянын 26 ишканасына жана эки банкы: "Альфа-банк" жана Сбербанк кирген. 12-майдан баштап булардын активдери жабылып, транзакцияларга тыюу салынат. 

 

 

12:27 12.4.2022

Орусия Украинага кол салгандан бери 186 бала каза болуп, 344 бала жарадар болду. 

 

16:54 12.4.2022

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн делген маалыматтарды текшерип жатканын расмий Киев билдирди. Москва бардык айыптарды четке какты.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиргендей, учурда Мариуполдогу учкучсуз аппараттын чабуулунан кийин адамдар дем ала албай, неврологиялык жактан жабыркап жатканы тууралуу кабарлар текшерилип жатат.

«Бул фосфордук курал болушу мүмкүн деген версия бар», - деди Маляр 12-апрелде.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия химиялык курал колдонушу мүмкүн деген кооптонуу бар экенин билдирген.

«Интерфакс» агенттиги 12-апрелде аймактагы орусиячыл күчтөр да химиялык курал колдонуу тууралуу маалыматтарды четке кагып жатканын жазды.

Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппи 12-апрелде Sky News телеканалы менен болгон маегинде Лондон да маалыматтарды текшерип жатканын айтты.

Пентагондун өкүлү Жон Кирби Украинада химиялык курал колдонулушу мүмкүн деген маалыматтар Вашингтондо болгонун, бирок ал канчалык ишке ашканын ырастай албастыгын жарыялады.

Орус армиясы Мариуполго бир нече аптадан бери чабуул коюп, курчоого алган. Калаадагы он миңдеген карапайым тургундар гуманитардык кризиске кептелди.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан стратегиялык жактан маанилүү порт шаарды алуу Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакты Крым менен түз байланыштырууга жол ачат.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG