Украинанын бийлиги Орусиянын күчтөрү Донецк жана Луганск облустарынын аймагында топтолуп жатканын билдирди. Чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, орус армиясы жакын арада Донецк жана Луганск облустарынын Киевдин көзөмөлүндө калган бөлүктөрүн өз карамагына алууну көздөп жатат.
11-апрелде АКШнын Коргоо министрилигинин расмий өкүлү билдиргендей, орустардын 800-1000 аскерден турган 60-батальону Херсондон түндүк-чыгышка карай орун которду.
Бир күн мурда Кремл Украинадагы согушту жетектөөнү генерал Александр Дворниковго тапшырган. Буга чейин ал Сириядагы операцияны жетектеп, сыйлыкка татыган.
АКШ расмийлеринин айтымында, Путин Донбассты алууга бардык күчүн жумшап, 9-майда ал жакта Жеңиш майрамын белгилөөнү көздөп жатат.
Кремл өзүнүн аракеттери тууралуу айтылган маалыматтарга үн ката элек.
Украинанын президентинин кабарлашынча Украинанын орусиялык көз караштагы фракциясынын депутаты Виктор Медведчук кармалды.
Медведчук буга чейин үй камагынан качып жүргөн. Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиага Виктора Медведчуктун колуна кишен салынып, Украинанын аскердик формасын кийин отурган сүрөтүн жарыялады.
Украина парламентиндеги "Өмүр үчүн оппозициялык платформасы" орусиялык турумда. Алардын бири Виктор Медведчук Путиндин тууганы экени айтылып келген. Ага 2021-жылы Украинанын Коопсуздук кызматы мамлекетке чыккынчылык кылган деген берене менен иш козгогон.
Бучанын полициясы орусиялык аскерлердин колунан каза таап, жапырт бир жерге көмүлгөн сөөктөрдү эксгумация кыла баштады.
Полиция мүрзөдө кеминде 65 адамдын сөөгү жатканын айтууда.
Орус аскерлеринен бошотулган Бучада 403 жай тургундун сөөгү табылган. Киши колдуу болгондорду шаардын башка жагынан да табышууда. Баарынан көп адам Бородянкада өлтүрүлгөн.
АКШ президенти Жо Байден орус аскерлери Украинадагы жөн-жай элге каршы жасаган кылмыштарды биринчи жолу геноцид деп атады.
Байдендин айтымында, Путиндин украин деген улутту жок кылууга аракеттенгени барган сайын ачыкка чыгууда, далилдер көбөйүүдө. Муну менен катар президент геноцид тууралуу расмий чечимди юристтер чыгара турганын кошумчалады.
Буга чейин АКШнын жогорку өкүлдөрү Орусиянын аракеттерин геноцид деп атоодон карманып, "согуш кылмыштары" деген терминди пайдаланып келген.
Өткөн жумада Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Украинанын аймагындагы кылмыштарды америкалык өкмөт колдонгон аныктамага ылайык геноцид деп атоого болбой турганын билдирген. Ал аныктамада тукум курут – бул “улуттук, этникалык, расалык же диний топту жок кылууга багытталган аракет” экени айтылган.
Орусияны геноцидге айыптоо бир айдай орус армиясынын оккупациясында калган Бучада жай тургундарды өлтүрүү, бир нече кишинин сөөгү коюлган мүрзөлөр табылганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин айтыла баштады.
12-апрелде шаар мэри Анатолий Федорук 403 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Алар, алдын ала маалыматтарга караганда, орус аскерлеринин колунан ажал тапкан.
Орусия Украинадагы жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып келет. Шейшембиде президент Владимир Путин Бучадагы окуяларды “жалган маалымат” деп атады.