Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:29 13.4.2022

Орусия Мариуполдо украиналык миңден ашуун аскер багынып бергенин билдирди.

“Мариуполдо украин деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын 1026 аскери куралын таштап, өз ыктыяры менен багынды”, - деп айтылат орус Коргоо министрлигинин 13-апрелдеги билдирүүсүндө.

Киев бул маалыматты тастыктаган жок.

Орусиянын “Россия 24” мамлекеттик телеканалы колдорун өйдө көтөрүп бараткан жоокерлердин видеосун көрсөтүп, алар Украинанын деңиз аскерлери экенин кабарлады. Ушундай эле видеону кремлчил блогерлер таратышты. Тасмалардын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн эмес.

Орус аскерлери стратегиялык портту курчоого алганына бир айдан ашты, бир нече күндөн бери шаардын ичинде ар бир көчө үчүн салгылашуулар жүрүп жатты.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси жана Коргоо министрлиги комментарий бере элек. Reuters агенттиги министрликтин басма сөз өкүлүнүн бул тууралуу маалыматы жоктугун айтканын жазды.

Украин ички иштер министринин жардамчысы Вадим Денисенко “Настоящее время” каналынын суроосуна жооп берип жатып, каршы тараптын айткандарын четке кагып, маалыматты армия тастыктай электигин айтты.

Зеленскийдин дагы бир жардамчысы Алексей Арестович 36-бригаданын аскерлери уруш тилкесинен өтүп, шаарда кармашып жаткан “Азов” батальонуна кошулганын Фейсбукка жазды.

Ушул эле күнү Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров Мариуполдо миңден көп украиналык жоокер багынганын билдирген. Шаардагы согушка анын аскерлери да катышып келатышат.

20:10 13.4.2022

Орусия Украинага кол салгандан бери аз дегенде 20 журналист мерт болду. Бул тууралуу Украинанын журналисттер биримдиги маалымдады. Биримдик өлкөнүн Башкы прокуратурасы өлгөнүн бышыктыган маркумдардын ысымдарын жарыялады. Дагы бир нече журналист байланышка чыкпай жатат, алардын тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок. Дайынсыз болуп жаткандардын арасында Алексей Чернышев да бар. Ал 13-мартта фотожурналист жана документалист Макс Левин менен орус армиясы сүрүлүп чыккандан кийинки абалды чагылдыруу үчүн Гута-Межигорская айылына жөнөгөн. Көп өтпөй аймакта аткылашуу жанданганда алар менен байланыш үзүлгөн. 1-апрелде Левиндин сөөгү Киевге жакын жердеги райондо табылган.

Марттын ортосунда борбор шаардын жанында АКШнын Fox News телеканалынын 55 жаштагы оператору, ирландиялык Пьер Закржевски жана 24 жаштагы жергиликтүү продюсер Александра Кувшинова ок атуу учурунда каза тапкан.

23-мартта Киевде орусиялык The Insider басылмасынын кызматкери Оксана Баулина орус аскерлеринин соккусунан кийин Киевдин Подольск районун сүрөткө тартып жүргөндө окко учкан.

20:44 13.4.2022

Сумы облусун оккупация кылган учурда 100дөн ашуун жай тургун өлтүрүлгөн

Бул тууралуу шаршембиде аймактын башчысы Дмитрий Живицкий кабарлады. Анын айтымында көп адамдар дайынсыз болууда. 

Киев облусунун гуманитардык штабынын башчысы Алексей Кулеба Бородянкада орус аскерлери аткылаган сегиз көп кабаттуу үйдү толугу менен бузуу керектигин билдирди. Буга чейин куткаруучулар бул шаардагы уранды астынан жүздөгөн тургундун сөөгүн тапкан. 

Бородянка. 2022-жыл.
Бородянка. 2022-жыл.

 

20:59 13.4.2022

Германия Украинага оор куралдарды жеткириши мүмкүн

Владимир Зеленскийдин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер​ менен жолугуудан баш тартканына карабай өлкө парламентинин башкаруучу коалициясы Украинага оор курал берүүгө макул болду. 

Бул тууралуу Твиттерге Бундестагдын депутаты Маркус Фабер жазды. Ал акыркы чечимден мурда бир нече макулдашуулар керек экенин белгиледи. 

Буга чейин германиялык  Handelsblatt гезити Rheinmetall концернине таянып ишкана Украинага 50гө жакын Leopard 1 танкын жана 60тай жөө аскерлер үчүн зооттолгон Marder техникасын берүүгө даяр экенин жазган. 

Marder техникасы.
Marder техникасы.

 

 

 

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG