Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:53 14.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде Польшанын, Литванын, Эстония жана Латвиянын лидерлери менен жолукту. 

 

10:00 14.4.2022

АКШ Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам берет

Жардамдын жаңы пакети артиллериялык система, куралдар, зооттолгон машинелер, тик учактарды камтыйт. Бул тууралуу Жо Байден менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду. 

"Орусия Донбасска чабуул коюуга даярданып жатат, АКШ Украинага коргонуу үчүн курал-жарак берет" деп айтылат билдирүүдө. 

Жардамдын тизмеси:

11 Mi-17 тик учагы (Башында алар бийликтен кулаган ооган бийлигине Кабулдун коопсуздугун камсыздоо үчүн берилмек)

18 гаубиц жана 40 миң снаряд

300 Учкучсуз Switchblade тик учагы

500 танкка каршы Javelin ракетасы

200 M113 зооттолгон машинеси

Мындан башка техника жана коргонуу үчүн атайын каражаттар 

Зеленский буга чейин Украинага оор артиллерия жана зооттолгон техника, абадан коргонуу системасын, аскер учактарын, кемеге каршы ракеталарды берүүнү суранган. 

 

10:04 14.4.2022

Украиналык булактар орусиялык ракеталык крейсер кыйраганын кабарлашты

Украина "Москва" кемесине ракетадан сокку урганын билдирди. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Масим Марченконун айтымында крейсерге "Нептун" ракеталары менен чабуул жасалган.

"Москва" кемесинин экипажы ар кандай маалыматтарга ылайык, 510 адамдан 758 адамдан турушу мүмкүн. Крейсер Одесса облусундагы Змеиный аралындагы аскердик операцияга катышкан. Анда бир топ украин жоокери курман болуп, айрымдары барымтага алынганы айтылган.​

Жергиликтүү бир катар басылмалар Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып Орусиянын Кара деңиз флотунун "Москва" кемесинин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылганын жазды. Анда крейсер өрттөн улам олуттуу жабыркаганы, өрттүн тутанган себеби иликтенип жатканы айтылат. Жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бериле элек.

 

 

10:29 14.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский атайын операциянын негизинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын адамдарынын бири делген украиналык саясатчы Виктор Медведчук колго түшкөнүн билдирди. Медведчуктун аскер кийимчен, колу кишенделген сүрөтү жарыялады.

Ал үй камагынан 24-февралда, Орусия Украинага бастырып кирген күнү качып кеткени белгилүү болгон.

Украинанын депутаты, "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" партиясынын лидери Медведчукка былтыр май айында кылмыш иши козголгон. Аны менен кошо Жогорку Раданын дагы бир депутаты Тарас Козакка "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси менен айып коюлган.

Тергөө материалдарында алар Крым жарым аралындагы улуттук байлыктарды тоногону, "Украинанын кен байлыктарына байланыштуу баалуу документтерди бергени" жана "Крымды башка өлкөнүн аймагынын бөлүгү катары тааныганы" айтылган.

Медведчук кылмыш ишинин козголгонун саясий куугунтук катары сыпаттап, дооматтарды четке кагып келет.
 

Виктор Медведчук.
Виктор Медведчук.

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG