Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:49 14.4.2022

Орусия президенти Владимир Путиндин жакын адамы делген украиналык саясатчы Виктор Медведчуктун кармалышы боюнча анын аялы Оксана Марченко Украинанын, Түркиянын президенттерине кайрылды. 

Украин президенти Владимир Зеленскийден "коопсуздук кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалган жолдошун бошотуп, ордуна өзүн алып калууну" сунуш кылган.

Режеп Тайип Эрдогандан Медведчукту бошотууга "таасир этүүсүн"өтүнгөн. 

Виктор Медведчук Украинада мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Анын жубайы Оксана Марченко азыр Беларуста турат. 

Виктор Медведчук, Оксана Марченко, Владимир Путин.
Виктор Медведчук, Оксана Марченко, Владимир Путин.

 

11:33 14.4.2022

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Украинада болуп жаткан окуялардын "геноцид" деп атоо туура экенин айтканын France press жазды. 

Ал АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын Украинага жасаган аракетин "геноцид" деп атаганын кайталап: "Орусиянын, Владимир Путиндин кылганына карата көпчүлүктүн "геноцид" сөзүн колдонуп жатканын туура деп ойлойм. Биз жайкын тургундарга чабуул жасоо, сексуалдык зомбулукту согушта курал катары колдонуу "каалоосун" көрдүк. Бул таптакыр кабыл алынгыс көрүнүш".

11:49 14.4.2022

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин эвакуацияланган Чехиянын элчилиги Киевге кайтып, ишин баштады. Чехиянын Тышкы иштер министрлиги бул аракетин Украинаны колдоо максатында экенин айтты. 

 

Киевге буга чейин Евробиримдик, Латвия, Литва, Эстония, Словения жана Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кайтып келген. Польша жана Ватикандын дипломаттары Украинадан чыккан эмес болчу. 


 

11:57 14.4.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги  "Москва" крейсери өрттөнгөнүн айтты

Орусиянын Кара деңиз флотунун "Москва" кемесинин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар басылмалар Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазды. Анда крейсер өрттөн улам олуттуу жабыркаганы, өрттүн тутанган себеби иликтенип жатканы айтылат. Жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бериле элек.

Мунун алдында Украина "Москва" кемесине ракетадан сокку урганын билдирген. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко крейсерге "Нептун" ракеталары менен чабуул жасалганын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG