Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:17 14.4.2022

Киев: тогуз гуманитардык коридор ачуу макулдашылды

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 14-апрелде бир нече шаардан, анын ичинде курчоодогу Мариуполдон карапайым кишилерди чыгаруу үчүн тогуз гуманитардык коридор ачуу тууралуу макулдашылганын билдирди.

Телеграм-каналдагы маалыматта Бердянск, Токмак жана Энергодар шаарларынын тургундарын эвакуациялоого жол ачылганы, бирок Луганск облусунда оккупациялаган орус күчтөрү аткылоону токтоткондо гана коридор түзүлөрү айтылат.

Украин бийлиги он миңдеген киши Мариуполдо каза тапканын айтып, Орусияны гуманитардык жардам жеткирген кербендердин жолун тосуп жатканын айыптоодо. Азов деңизиндеги стратегиялык порт бир нече жумадан бери орус армиясынын курочоосунда турат.

15:18 14.4.2022

Asia Mall: Донбасс тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлбөйт

Бишкектеги Asia Mall соода-оюн-зоок жайы Донбасс тууралуу даректүү тасмалардан турган "Чындыктын мезгили" деп аталган кинфестивалды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу аталган жайдын жетекчилиги "Азаттыкка" билдирди.

Буга байланыштуу кинофестивалды өткөрүп жаткан Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымат бере элек. Элчилик буга чейин бул даректүү тасмалар Бишкектен сырткары Кара-Балта жана Каракол шаарларында дагы көрсөтүлөрүн маалымдаган.

Ага ылайык, фестиваль 15-17-апрель күндөрү өтмөк.

15:28 14.4.2022

Украинанын соту кармалган орусиячыл саясатчы Виктор Медведчуктун жана анын аялы Оксана Марченкого таандык 154 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алды. 

Украинанын Мамлекеттик тергөө бюросу билдиргендей, мүлктөрдүн арасында 26 автоунаа, 30 жер участогу, 23 үй, 32 батир жана 17 унаа токтотуучу жер жана яхта бар.

Ошондой эле алардын 25 компаниянын уставдык капиталындагы үлүштөрү да камакка алынган. 

16:04 14.4.2022

Еврокомоссия Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө газдын акысын рубль менен төлөө боюнча Орусиянын талабын аткаруу санкциялык режимди бузарын эскертти. Бул тууралуу Bloomberg жеке булагына таянып жазды.

Комиссиянын юридикалык талдоосунун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Путиндин жарлыгы алаканын жол-жобосун кескин өзгөртүп, жаңы укуктук кырдаалды түзүүдө. 

Bloomberg басылмасынын маектеши белгилегендей, бул тартип соодалык макулдашууларды толук көзөмөлдөөнү Кремлге өткөрүп берет. Еврокомиссиянын айтымында, муну менен Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялык чаралары да бузулат.

Биримдиктеги лидер өлкөлөр Орусиянын газына карата төлөмдү рубль менен жүргүзүүгө жапырт каршы болушкан. Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Орусиянын газдын төлөмүн рубль менен жүргүзүү чечими санкияларды кыйгап өтүүнүн амалы экенин, Евробиримдик буга жол бербей турганын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG