Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Финляндия жана Швеция НАТОго кошулса, "Балтиканын өзөктүк куралдан эркин аймак деген макамы тууралуу сөз кылууга болбой калат" деп билдирди. Бул тууралуу мурдагы президент 14-апрелде Телеграм-каналына жазды.
Анын айтымында, "Орусиянын расмий катталган душмандары көбөйөт", андыктан өлкөгө Финляндия булуңундагы аскерлерин күчтөндүрүүгө, кошумча бөлүктөрдү жайгаштырууга туура келет.
Орус расмий адамдары буга чейин эки өлкөнүн альянска кошулуу ыктымалдыгына терс реакциясын билдирип келгени менен Медведев Москванын конкреттүү кадамдары тууралуу биринчи болуп айтты.
Алдыңкы күнү Финляндиянын премьер-министри Санна Марин Хельсинки "жакынкы жумаларда" НАТОго кошулуу багытында кадам ташташы мүмкүн экенин билдирген. Швециянын өкмөт башчысы Магдалена Андерссон Орусиянын Украинага басып киришинен кийин анын өлкөсүндө да ири саясий өзгөрүү күтүлүп жатканын, азыркы коопсуздук кырдаал талкууланарын белгиледи. Буга чейин Швеция дагы альянска кирүүнү караштырып жатканы кабарланган.
Орусия Украинага кол салгандан бери аскердик блокторго кошулбоо саясатын жүргүзүп келген эки өлкөдөгү коомдук пикир кескин өзгөрүп, көбү НАТОго мүчө болууну колдоп калышты.
Айрым маалыматтарга караганда, Хельсинки жана Стокгольм ушул жайда арыз тапшырышы ыктымал.
Орусия менен 1 миң 340 чакырым чек араны бөлүшкөн Финляндиянын мыйзам чыгаруучулары апта соңунда НАТОго кошулуу маселесин атайын баяндама жарык көргөндөн кийин талкууламакчы.
Дээрлик беш миллион украиналык качкынга айланды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча агенттиги Орусия согуш баштагандан берки элүү күндүн ичинде дээрлик беш миллион украиналык үй-жайын таштап, чет өлкөлөрдө башпааналаганын билдирди.
Маалыматка караганда, Европа Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери качкындардын мындай агымына күбө боло элек болчу.
4-апрелде чыккан статистикага ылайык, Орусиянын кол салуусунун кесепетинен 4 млн. 736 миң 471 украиналык качкынга айланды. Андан бир күн алдың эле бул сан дээрлик 80 миң кишиге аз болчу.
БУУ бозгундардын 90 пайызы аялдар менен балдар экенин билдирди. Киев өкмөтү аскерге жарамдуу жаштагы эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.
Качкындардын эң көбү – 2,69 миллион киши Польшага чыккан, андан кийинки орунда Румыния турат.
Уюм жалпысынан 7,1 миллион киши жер которууга аргасыз болгонун 5-апрелде маалымдаган.
Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) украин бийлигин Роман Нежиборец жана Зореслав Замойскийдин өлүмүн иликтөөгө чакырды. 13-апрелдеги билдирүүдө, Нежиборецтин сөөгү Ягидне айылында, Замойскидин сөөгү Киевдин жанындагы Буча шаарчасында орус аскерлери чегингенден кийин табылганы айтылат. Комитет алар кесибине байланыштуу өлтүрүлгөнбү же жокпу деген суроого жооп табууга, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөдү.
"Орусиянын жана Украинанын бийликтери согуш шартында медиа өкүлдөрүнүн коопсуз иштөөсүн камсыздоого тийиш”, - деп айтты комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлнөза Саид.
13-апрелде Украинанын Журналисттер биримдиги Орусия согуш баштагандан бери украин жергесинде 20 медиа кызматкер окко учканын билдирген. Биримдик өлкөнүн Башкы прокуратурасы өлгөнүн бышыктыган маркумдардын ысымдарын жарыялады. Дагы бир нече журналист байланышка чыкпай жатат, алардын тагдыры тууралуу эч кандай маалымат жок.
Орусиялык активисттер Дмитрий Силин жана Анастасия Руденко Иваново шаарында америкалык жазуучу Жорж Оруэллдин "1984" романынын 30 экземплярын акысыз таратышты. Алар Орусияда бул китепке тыюу салынганга чейин акция өткөрүүнү чечишкенин айткан.
Rusnews мунун айынан Дмитрий Силинге Орусиянын куралдуу күчтөрүн дискредитациялоо деген берене менен иш козголгонун кабарлады.