Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Орусиянын бир катар аймактарында өрт чыкты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:40 15.4.2022

Жо Байден анын администрациясы жогорку даражалуу чиновниктин Украинага бара турганына ишарат кылды. The Guardian басылмасынын жазышынча, Киевге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен же коргоо министри Ллойд Остин барышы мүмкүн.

12:54 15.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский: Бизди 50 күндөн бери жок кылууга аракет кылып жатышат, бирок украиналыктар каармандык менен каршылык көрсөтүүдө. Биз коркпойбуз, күрөшүп атабыз. Биз каргашага чекит койгону жатабыз. Орусиялык аскердик машинени бакканды токтоткула. Украинага курал жагынан жардам бергиле. Ошондо тынчтык батыраак келет.

Владимир Зеленскийдин бул кайрылуусун 50 күндүк согуштун жыйынтыгын чыгарган видео коштоду.

12:58 15.4.2022

Херсон облусунда туткундар алмашылды

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн "ЮГ" ыкчам башкармалыгы төрт орусиялык туткун беш украиналык туткунга алмашылганын билдирди. Алмашуу Посад-Покровский кыштагында болгон.

Украиналык булактардын айтымында алмашуунун астында өтө чыңалган сүйлөшүүлөр болгон. Орусия тарап бул тууралуу маалымат берген жок.

13:04 15.4.2022

14-апрелде "Москва" крейсери "Титаниктин" тагдырын кайталады

Украиналык медиа 110 жыл мурда бул күнү "Титаник"​ жүргүнчү кемеси чөгүп кеткенин эске салды. Кеме өз убагында эң кымбат жана жогорку технологиялык деп эсептелгени менен "Москва" крейсеринен 100 эсе арзан экени эске салынган.

Инсайдер UA

2022-жылы 14-апрелде 750 миллион доллар Кара деңиздин түбүнө кетти. ("Москва" крейсеринин баасы)

110 жыл мурда 14-апрелде 7,5 миллион доллар океанга чөккөн. ("Титаник" кемесинин баасы)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG