Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:08 15.4.2022

БУУнун маалыматында Украинага күн сайын 30 миңдей адам кайтып келүүдө. 

Ушу тапта 870 украиналык качкын кайтып келген.

 

 

13:15 15.4.2022

Киевде жумага караган түнү күчтүү жарылуулардын үнү угулду

Украиналык медианын айтымында, бул абадан коргонуу күчтөрүнүкү болушу мүмкүн. Жарылуулар Херсондо, Ивано-Франковск аймагында да болду.

13:26 15.4.2022

Брянск облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Орусиянын Климовский районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Брянск облусунун башчысы Александр Богомаз​ билдирди. Анын айтымында, Климово кыштагы Украина тараптан миномет менен аткылоого кабылган. 

Орусиянын Тергөө комитети украиналык аскерлер тарабынан Брянск облусундагы Климово кыштагынын аткыланышына байланыштуу иш козгоду. Орусиялык тергөөчүлөрдүн маалыматында, Климово кыштагын эки украиналык тик учак аткылаган. 

Жергиликтүү бийлик окуя бейшемби күнү кечинде болгонун билдирди. 

 

13:37 15.4.2022

ЦРУ жана Украинанын ИИМи: Орусия өзөктүк куралду колдонууга даярданып жатканына далил жок 

ЦРУнун башчысы Билл Бернс CNN​ каналына берген интервьюда

"Орусиянын президенти Путин баштаган жетекчилигинин буга чейин аскердик чөйрөдөгү утулуудан улам айласы кеткенин жана жоготуусун эске алуу менен өзөктүк куралдын коркунучуна эч кимибиз жеңил карай албайбыз. Буга чейинки Кремлдин жогорку ядролук даярдыкка өткөнү тууралуу айткан риторикалык билдирүүсүнө күбө болдук. Бирок биз коркунучту күчөткөн аскердик дислокацияны (өзөктүк куралды) көргөн жокпуз. Бирок биз окуяга кылдат баам салабыз". 

Украинанын ИИМнин башчысынын кеңешчиси Вадим Денисенко:

"Азыр Орусия Украинага ядролук сокку урууга даярданып жатканын эч нерсе көрсөтө элек. Алар үчүн өзөктүк курал - башкы көзүр, ошол себептүү фронттун баарында ал тууралуу имиштерди таратып жатат. Биз бул Путиндин акыркы көзүрү экенин түшүнүшүбүз керек. Бирок азыр Кремл өзөктүк чабуулга даярданганын көрсөткөн эч далил жок". 

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG