"ДНРде" химиялык курал же ууландыруучу заттар СССРден калышы мүмкүн
10-апрелде "ДНРдин" Элдик милициясынын өкүлү Эдуард Басурин Мариуполдо химиялык курал колдонушарын билдирди. Өзүн өзү республика жарыялап алган жикчилдер 1997-жылы эл аралык Конвенция менен тыюу салынган куралдарды кайдан алышканын Басурин тактаган эмес. Көпчүлүк ал советтик ууландыруучу заттарды айтышы мүмкүн деп боолгошууда. Бул куралдардын көпчүлүгү СССРдин ар кайсы районунда жасалган жана сакталып калган.
Американын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Уильям Бернс Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучуна жеңил ойлуу мамиле кылбаш керектигин эскертти.
Бернс 14-апрелде Жоржиянын Технологиялык университетинде студенттер менен жолугушуу маалында:
"Путиндин жана орус жетекчилигинин ызасын, алардын аскердик жааттагы жеңилүүлөрүн эске алганда, эч кимибиз тактикалык өзөктүк курал же кубаттуулугу аз өзөктүк курал колдонуу коркунучун көңүл сыртында калтырбашыбыз керек",-деди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 15-апрелде Киевге чабуулдарды күчөтөрүн эскертти.
Ушул эле күнү украин баш калаасында бир нече жолу катуу жардыруу болгонун жергиликтүү медиа каражаттары жазышты.
Министрлик ошондой эле 14-апрелдин кечинде алардын күчтөрү Киевдеги аскердик заводго сокку урганын билдирди.
Андан тышкары Орусиянын Брянск облусунун Климово шаарчасынын тургундарына чабуул коюп жаткан украиндердин Ми-8 тик учагын ракета менен жок кылганын кошумчалады.
Буга чейин Москва Киевди Украинага чек аралаш Орусиянын аймактарына чабуул коюп жатат деп айыптаган.
Украинанын коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча кеңеши Москванын дооматтарын четке кагып, "Украинага каршы ызы-чууну көбөйтүү аракети" деп атады.
Кипрде төрт орус миллиардерин жана алардын 17 үй-бүлө мүчөсүн жарандыктан ажыратуу жараяны башталды. Мамлекет башчы Никос Анастасиадис анын өкмөтү орусиялык чириген байларды жарандыктан ажыратуу чечимин кабыл алганын билдирип, алардын ысымдарын атаган жок.
Анткен менен жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, алар Михаил Гуцериев, Александр Пономаренко, Вадим Мошкович жана Алексей Кузьмичев экенин жазышты.
Кипр мындай кадамга Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу Москвага болуп көрбөгөндөй санкцияларды салгандан кийин барды.