Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган "Москва"крейсери чөгүп кеткенин ырастады. Буга чейин украин күчтөрү бул аскердик кемеге "Нептун" ракетасы менен сокку урганын жарыялаган. 15-апрелге караган түнү Киев, Херсон жана Харьков шаарларында катуу жарылуу болгону кабарланды.
Орусия Украинага 50 жыл мурдагы техникасын таштап жатат
Conflict Intelligence Team иликтөөчү тобунун аналитиги Руслан Левиев Тюмендеги видеону чыгарган. Анда Тюмендин вокзалына "Град" түзүмү "ЗИЛ-131" жүк ташуучу автоунаасы менен келгенин көрүүгө болот. Бул жабдыктар советтик армияда 1976-жылдары колдонулган.
Киевге азыр кайтуу эрте
Бул тууралуу Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Павлюк украиналык телеканалга курган маегинде билдирди.
Анын айтымында 15-апрелде орусиялык аскерлер Киев облусуна ракета менен үч жолу сокку урган. Ага чейин Орусия Киевдин четиндеги "Нептун" ракетасы өндүрүлөт деп айтылган заводго сокку урган. Ага чейин бул ракета тийген "Москва" крейсери чөгүп кеткени кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск жана Белгород облустарын аткылоого жооп катары Киевге жаңы сокку уруларын айтып коркуткан.
"Менин сунушум - Киевге кайтууну тынч убакта жүргүзүү оң", - деди чиновник.
"Москвага" аза күткөндөр
Севастополдо ондогон адамдар орусиялык флоттун 300 жылдыгынын урматына тургузулган эстеликке чогулушкан. ТАСС чогулгандар чөгүп кеткен "Москва" крейсери менен ушинтип коштошконун жазды.
Азырынча аскердик кемедеги канча адам каза таап, жарадар болгону тууралуу расмий маалымат жок. Штаттык тартипте "Москвада" болжол менен 500 адам болгон.