Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01
Днепропетровск облусундагы май, газ куюучу станцияга Орусиянын соккусунун кесепети. 1-июль, 2026-жыл
Днепропетровск облусундагы май, газ куюучу станцияга Орусиянын соккусунун кесепети. 1-июль, 2026-жыл

Түз ободо Украина мунай заводдоруна, Орусия май куюучу жайларга сокку урду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:35 16.4.2022

Украинанын аскерлер Донецкиден анча алыс эмес жердеги Марьинка шаары күн сайын фосфор снаряддары (Женева конвенциясы тыюу салган) менен атылып жатат. Кармаш уланууда. Марьинканын бүгүнкү көрүнүшү тууралуу "Свобода​" радиосунан видеосу.

11:38 16.4.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө Орусиянын өзөктүк курал колдонушуна даяр болушу керектигин эскертти.

"Бардык өлкөлөр даяр болушу керек. Алар үчүн адамдардын өмүрү түккө турбайт. Коркпой даяр туруу керек. Бул Украинанын эле эмес, бүт дүйнөнүн коопсуздугу", - деди Зеленский CNN телеканалына курган маегинде.

Владимир Зеленский бул интервьюда өлкөсүнүн аскердик жоготуусу тууралуу айтты. Анын маалыматында 3 миң аскер каза таап, 10 миңге жакыны жарадар болгон.

11:42 16.4.2022

Харьковдогу аткылоодон жума күнү 10 адам каза болду, арасында жети айлык бала бар. 36 адам жарадар болду.

Бул тууралуу Харьков​ облусунун администрациясы кабарлады.

Ал эми Николаев шаарында беш адам каза таап, 10у жарадар болгон.

11:46 16.4.2022

Украинанын чыгышында атышуулар күчөп жатат

Украинанын башкармалыгынын сводкасында өткөн суткада орусиялык армия Луганск облусундагы Рубежное жана Попасная калктуу конуштарын ээлеп алууга аракет кылды. Ошол эле аймакта Северодонецк шаары да аткылоого кабылды. Жергиликтүү бийлик шаардагы имараттардын 70% талкаланганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG