Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:04 16.4.2022

Орусиялык аскердик учактар Львов облусуна сокку урду

Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча чыга элек. Облустук аскердик администрациянын билдиришинче, украиналык абадан коргонуу күчтөрү канаттуу ракетанын төртөөнү атып түшүргөн. 

Украинанын аскер аба күчтөрүнүн башкармалыгы, орусиялык учактар Беларустагы Барановичи аэродромунан учуп чыкканын кабарлады. "Беларуска өлүм алып келген "белеги" үчүн рахмат" деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө. 

 

 

 

 

19:19 16.4.2022

Орусиянын армиясы Луганск облусундагы Лисичанскидеги мунай иштетүүчү заводду аткылады. 

Луганск облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Гайдай​ өрт 5 миң квадрат метрге жайылганын билдирди. Заводдо күйүүчү май жок бирок мунай калдыктары күйүп жатат деди ал. 

 

19:22 16.4.2022

Украин бийлиги: Орусияда 700 украин аскери жана миңдеген тургундар туткунда жатат

Бул тууралуу улуттук телемарафондун эфиринде журналисттерге Украинанын  вице-премьер​и Ирина Верещук​ билдирди. Ага чейин орусиялык тарап туткунда миңдеген украин аскерлери жатканын айткан. 

Ирина Верещук Женева конвенциясына ылайык туткундарды жана жай тургундарды алмашып, бошотууга чакырды. Анын айтымында, Украинада туткунда 700дөй орусиялык аскер бар жана Украина аларды алмашууга даяр. 

 

19:30 16.4.2022

Украиналык "Антонов" заводунун жетекчилери орусиялык аскерлер талкалаган "Мрія" учагын калыбына келтире турганын билдиришти

Жаңы "Мрія" заманбап нормаларга ылайык жасалып, жасалгаланууга тийиш. Азырынча учак үчүн негизги агрегаттар бар. 

Заводдон эсептөө-көзөмөлдөө иши көп убакытты аларын, керектүү жабдыктарды алып, сыноо программасын жүргүзүү өңдүү иштер бар экенин кабарлашты. 

Учактын согушка чейинки көрүнүшү. 2020-жыл.
Учактын согушка чейинки көрүнүшү. 2020-жыл.

 

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG