Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдогу украин аскерлери өлтүрүлсө, Орусия менен сүйлөшүүлөргө чекит коюларын билдирди. Анын айтымында, ал жакта украин аскерлери суусу, дары-дармектери жок курчоодо калды, бирок коргонуусун улантып жатышат.
Зеленский эки өлкө тынчтык макулдашуусунда эки документ кабыл алса болорун айтты. Украин президентинин айтымында, биринчиси – Украинанын коопсуздугу, экинчиси Орусия менен болгон мамилесине байланыштуу. Ал Москва бир документ кабыл алууну каалап жатканын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Мариупол шаарынын аймагы чет элдик жалданма согушкерлер жана украин аскерлеринин “Азов” батальонунан бошотулганын билдирди. Мекеме украин күчтөрү "Азовсталь" металлургия комбинатында курчоодо жана алар тирүү калышы үчүн багынып бериши керек экенин маалымдады. Коргоо министрлигинин маалыматында, ал жакта эки жарым миңдей киши бар. Бирок, бул маалымат башка булактардан тастыктала элек.
"Союзмультфильмдин" Youtube-каналы Орусияда советтик "Чөгүп кеткен кемелердин байлыгы" мультфильмин көрсөтүүнү чектеди. Анда "Нептун" деңиздин түбүнөн Z белгиси бар эсминецти издеп жүргөнү тууралуу кеп болот.
Мультфильм 1973-жылы тартылган. Сюжетте пионердик лагердин балдары "Нептун" батискафы менен алтыны бар чөгүп кеткен кемени издешет. Бирок кеменин ордуна "Z" тамгасы бар фашисттик эсминецти табышат.
Учурда бул мультфильм Орусиядан тышкары жерлерде да көрсөтүлбөй жатат. "Союзмультфильм студиясынын мультиктери" "Союзмультфильм" студиясынын расмий каналы эмес.
Украиналык футбол клубунун жамааты толук курамы менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулду.
Украин куралдуу күчтөрүнүн катарына "Прикарпатье" футбол клубунун 14 оюнчусу кошулган. Ивано-Франковск аймагында түзүлгөн клуб Украинанын биринчи лигасында ойноп келген.
"Автомат кармаганды, Украинаны коргогонду үйрөндүк. Кайгуулга чыгып жатабыз", - деп айтып берди "Прикарпатьянын" жарым коргоочусу Василий Цюцюра Укринформго.
"Москва" крейсеринин матросу - Марк Тарасовдун энеси баласын таппай жатканын билдирди. Ульяна аттуу аял кеме Кара деңизге чөгүп кеткенден кийин уулу дайынсыз жоголгонун "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө жазган. Бул тууралуу "Агентство" басылмасы кабарлады.
Тарасов былтыр 15-декабрда кызматка кеткенин досу аталган басылмага тастыктаган.
Мурдараак Ялтанын тургуну Дмитрий Шкребец да "Москва" крейсеринде кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы уулу Егордун дайыны чыкпай жатканын айткан.
Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган "Москва"крейсери 14-апрелде чөгүп кеткени расмий маалымдалган. Орус тарап кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркап, чөгүп кеткенин билдирген. Украинанын Түштүк командачылыгынын офицери Владислав Назаров кемелерди бутага алган "Нептун" ракетасы менен Кара деңиз аймагында "Москва" крейсерине сокку урулганын маалымдаган.