Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:37 18.4.2022

АКШ 800 миллион долларлык соңку жардамынын алкагында Киевге жөнөткөн курал-жарактар жана башка коопсуздук каражаттар Украинага келе баштады. Бул тууралуу CNN телеканалы 17-апрелде АКШ өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден Украинага курал-жарактан турган жардамдын кошумча топтомун берүү чечимин бекиткен.

Телеканалдын маалыматына караганда, Вашингтон Украинага Ми-17 үлгүсүндөгү 11 тик учак, 155 миллиметрлик калибрдеги 18 гаубица жана 300 Switchblade дрону баштаган кубаттуу курал-жарак берүүгө алгач ирет макул болду.

Жума күнү АКШ Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы өкүлү курал-жарак жана башка керектүү каражаттар жүктөлгөн алгачкы каттам жакынкы күндөрү Европага жетип, андан ары Украинага өткөрүлөрүн айткан.

16-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский жергиликтүү медиаларга берген маегинде АКШ, Улуу Британия, Польша жана башка бир катар өлкөлөр украиналыктарды "кыйла жакшы" колдоп жатканын билдирген. "Бирок албетте мындан да көбүрөөк жардам бере алышат", - деген Зеленский.

13:15 18.4.2022

Украинанын бийлиги Луганск облусунун тургундарын тез арада эвакуация болууга чакырды. Кийинки аптада кырдаал оорлошуп, коопсуз жайга чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбой калышы ыктымал деп айтылат маалыматта.

Луганск облустук администрациясынын башчысы Сергей Гайдайдын айтымында, Луганск облусундагы майда кагылыштардан каза тапкандар бар.

 

 

14:10 18.4.2022

Теги кыргызстандык дагы бир аскер Украинада каза болгону кабарланды

Кыргызстанда туулуп-өскөн дагы бир жигит Орусия армиясынын катарында Украинада каза болгону айтылууда. 18-апрелде “Азаттык” Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев менен байланышканда ал маркумдун Кара-Дыйкан айылындагы туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышканын билдирди:

“Келе элек, качан келери бүгүн билинет дешти. Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен. Ата-энеси бул жакта турат. Украинада каза болуптур деп жатышат”.

Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон.

15:16 18.4.2022

Британия: Мариуполдогу каршылык Орусиянын башка чабуулдарын жайлатты

Британиянын Коргоо министрлиги Мариупол үчүн кармаш орусиялык күчтөрдүн Украинанын башка аймактарындагы чабуулдарын жайлатып койгонун билдирди. Министрликтин 18-апрелдеги маалыматына ылайык, орусиялык командирлерди Мариуполду багындырууга сарпталган убакыт тынчсыздандырууда.

"Украиналыктардын биргелешкен каршылыгы орус күчтөрүн катуу сынады жана аскерлер менен материалдардын ошол жакка кетишин шарттады. Муну менен Орусиянын башка жердеги аракети жайлады", - деп айтылат маалыматта.

Британ тарап Орусиянын Мариуполду каратып алуу аракети жергиликтүү тургундар арасындагы чоң жоготууга себеп болуп жатканын, шаардын инфраструктурасынын көп бөлүгү иштен чыкканын белгиледи.

Мындан тышкары Британиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу калктуу конуштар бутага алынган учурлар Орусиянын 1999-жылы Чеченстандагы, 2016-жылы Сириядагы операцияларына окшош экенин билдирди. Москва Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.
 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG