18-апрелде орус күчтөрүнүн Украинанын Львов шаарындагы аскердик жайларды бутага алган чабуулунан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Львов облустук аскердик жана жарандык администрациясынын башчысы Максим Козицкий билдирди. Анын айтымында, Орусиянын ракета чабуулдарынан дагы сегиз киши жараат алды. Алардын арасында бала бар.
Козицкийдин маалыматына ылайык, Орусия дүйшөмбүнүн таңында Львовго төрт ракета аткан. Алардын үчөө аскердик инфраструктурага, бирөө дөңгөлөк саткан дүкөнгө тийген. Чабуулдан аскердик жайлар катуу жабыркаган. Учурда бул жайларда чыккан өрттү өчүрүү иши уланып жатат.
Львовдун мэри Андрей Садовой да алты киши мерт болгонун ырастап, жалпысынан 11 киши жаракат алганын айтты.
Орусия Украинага басып киргенден бери батыштагы Львов шаары башка аймактарга салыштырмалуу азыраак чабуулга кабылган. Мындан улам Львов Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарынан качкан жарандардын башкалкасына айланган.
18-апрелге караган түнү Орусия Украинанын баш калаасы жана Днепропетровск шаарына да сокку урду. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун айтымында, дүйшөмбүгө оогон түнү орус күчтөрү Украинадагы 100 ашык объектини аткылады.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусия өлкө чыгышында жаңы чабуулга даярданып жатканын, бул операция жакын арада башталышы мүмкүндүгүн эскертти. Зеленский бул тууралуу жекшембинин кечинде жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.
"Алар Донбассты жок кылып, талкалоону көздөшүүдө. Кезинде бул өндүрүш аймагынын атагын чыгарган бардык нерсени жок кылгысы келишет. Орусиялык аскерлер Мариуполду талкалагандай эле, Донецк жана Луганск облустарындагы башка шаар-кыштактарды жер менен жексен кылууну көздөйт", - деди Зеленский.
Ал украин тарап коргонуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатканын белгилеп, Украинага курал-жарак жана жардам керек экенин дагы бир жолу кайталады.
Орусиянын күчтөрү марттын аягы жана апрель айынын башы менен Украинанын түндүк аймактарынан чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары да Орусия Украинанын чыгышында ири чабуулдарга даярданып жатканын эскертип жатышат.
Британиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүк-чыгышындагы Мариупол үчүн кармаш орусиялык күчтөрдүн башка аймактардагы опеацияларын жайлатып койгонун 18-апрелде билдирди. Орусиянын армиясы Украинада аскердик инфраструктурага гана сокку урганын билдирип, жайкын тургундарга ок атканын моюнуна албай келет.
Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып камакта отурган украиналык оппозициячыл саясатчы Виктор Медведчук Орусия менен Украина президенттерине кайрылуу жолдоду.
Анда өзүн Мариуполдо кармалып турган украин аскерлери, жайкын тургундары менен алмашууну өтүнгөн.
Медведчуктун видео кайрылуусун Украинанын коопсуздук кызматы жарыялады, анын кайсы жерде тартылганы айтылган эмес.
Львовдогу чабуулдан мерт болгондордун саны жети кишиге жетти
Украинанын батышындагы Львов шаарында орус күчтөрүнүн ракета чабуулунан каза тапкандардын саны жети кишиге жетти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, жараат алган 11 кишинин арасында үч жашар бала бар.
Львов облустук аскердик жана жарандык администрациясынын башчысы Максим Козицкийдин айтымында, дүйшөмбүнүн таңында Львов шаарына төрт ракета учурулган. Алардын көбү украин армиясы колдонбогон аскердик кампага тийген. Бир ракета шаардагы автоунааларды тейлөөчү станцияга түшкөн. Каза тапкан жети кишинин төртөө бул станциянын жумушчулары болгон.
Львов шаарынын мэри Андрей Садовой орусиялык аскерлер жайкын тургундарды бутага алууну улап жатканын айтты.
"Жети карапайым тургундун өз планы бар эле. Бүгүн эми алардын өмүрү жалп өчтү. Мен автоунаа станциясынын жетекчиси менен сүйлөштүм. Ал имарат урап калганы үчүн эмес, кызматкерлери каза тапканы үчүн ыйлап жатат", - деди Садовой.