Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




00:00 19.4.2022

Украинанын Буча шаарчасындагы кыргынга айыпталган Орусиянын 64-аткычтар бригадасына "гвардиялык" деген наам ыйгарылды. Мындай жарлыкка орус президенти Владимир Путин 18-апрелде кол койду. Анда бригада бул наам "Мекенди жана мамлекеттик кызыкчылыктарды" коргоо багытындагы аскердик иш-аракеттерде "жапырт каармандыгын, эрдигин жана кайратмандыгын" көрсөткөнү үчүн берилгени жазылган.

64-аткычтар бригадасы Орусиянын Хабаровск аймагында жайгашкан. Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын бул аскердик бригадасы Киевдин жанындагы Буча шаарчасын көзөмөлдөп турганда "согуш кылмыштарын" жасаганын билдирген жана карапайым тургундардын өлүмү үчүн адилеттикти орнотууну убада кылган.

Украин полициясынын маалыматына ылайык, Бучада баш-аягы 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында башына тийген октон каза тапкандар көп.

Орусиянын аскерлери Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремл орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып, Бучадагы кыргынды "чагым" деп мүнөздөгөн.

12:23 19.4.2022

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Головчино айылы аткыланганын билдирди.

"Украина тараптан Грайворонск районунун Головчино айылы аткыланды. Айылдагы бир аял жабыркады. Ага азыр керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - деп билдирди ал.

Социалдык тармактарда айылдын аткылоодон кийинки сүрөттөрү жарыяланды. Украинанын өкүлдөрү бул билдирүүгө азыр комментарий бере элек.

15:31 19.4.2022

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия менен үчүнчү күн катары менен гуманитардык коридор макулдашылбаганын билдирди.

"Тилекке каршы гуманитардык коридор жок. Донбасста тынымсыз аткылоо уланып жатат", - деди Верещук.

Ал Мариупол шаарындагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын жетекчилигине кайрылуу жасап, бул шаардан Бердянскини көздөй жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн коридор ачууну талап кылды.

Ошондой эле Мариуполдогу "Азовсталь" комбинатынан аялдарды, балдарды жана башка карапайым тургундарды эвакуациялоо зарыл экенин белгиледи.

Верещук Херсон жана Харьков аймактарынан гуманитардык коридор ачуу тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөр улана турганын кошумчалады.

Орусиянын күчтөрү курчап турган Мариуполдо миңдеген адамдар каза тапканы кабарланууда. Киев Москваны жайкын тургундардын шаардан чыгып кетишине тоскоолдук жаратып жатат деп айыптап келет. Орусия мындай айыптоолорду четке кагууда.

Президент Владимир Зеленский Орусия Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жаңы чабуулдарын баштаганын дүйшөмбүнүн кечиндеги видео кайрылуусунда айткан. Ага чейин Киев өкмөтү бул аймактын калкын коопсуз жайларга чыгып кетүүгө чакырган.

17:23 19.4.2022

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк, Луганск жана Харьков аймактарындагы коргонуу тилкесин жарып өтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди. Украин медиасы 19-апрелде жазгандай, орус күчтөрү Донецкидеги Марянка, Славянск жана Краматорск шаарларын аткылады.

"Каршы тарап Донецк жана Луганск аймактарына толук көзөмөлүн орнотуу үчүн жана убактылуу оккупацияланган Крымга кургактан коридор ачуу үчүн Чыгыштагы операция аймагындагы чабуулдарын улантууга аракет кылып жатат", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Александр Штупун.

Ал украин күчтөрү Донбасс аймагында орус тараптын жети чабуулунун мизин кайтарганын, Украинаны көздөй Орусиянын чыгыш жана борбордук бөлүгүнөн курал-жарак жана аскердик жабдыктар жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, орус күчтөрү 19-апрелге караган түнү 1260 позицияга сокку урду жана Украинанын МиГ-29 учагын атып түшүрдү. Бул маалыматты азырынча көз карандысыз булактар ырастай элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG