Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк, Луганск жана Харьков аймактарындагы коргонуу тилкесин жарып өтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов билдирди. Украин медиасы 19-апрелде жазгандай, орус күчтөрү Донецкидеги Марянка, Славянск жана Краматорск шаарларын аткылады.
"Каршы тарап Донецк жана Луганск аймактарына толук көзөмөлүн орнотуу үчүн жана убактылуу оккупацияланган Крымга кургактан коридор ачуу үчүн Чыгыштагы операция аймагындагы чабуулдарын улантууга аракет кылып жатат", - деп билдирди Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Александр Штупун.
Ал украин күчтөрү Донбасс аймагында орус тараптын жети чабуулунун мизин кайтарганын, Украинаны көздөй Орусиянын чыгыш жана борбордук бөлүгүнөн курал-жарак жана аскердик жабдыктар жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, орус күчтөрү 19-апрелге караган түнү 1260 позицияга сокку урду жана Украинанын МиГ-29 учагын атып түшүрдү. Бул маалыматты азырынча көз карандысыз булактар ырастай элек.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус армиясы Украинадагы "аскердик операциясынын" кийинки фазасын баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу 19-апрелде India Today телеканалына курган маегинде айтканын Орусиянын мамлекеттик TASS жаңылыктар агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Лавров Орусиянын "операциясы" орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарына же Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орнотконго чейин уланарын белгилеген.
Дүйшөмбүнүн кечинде украин президенти Владимир Зеленский да "Донбасс үчүн кармаш" башталганын, орус армиясынын ири бөлүгү бул аймактагы чабуулдарга тартылганын айткан болчу.
Өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчил топтор 2014-жылдан бери Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын үчтөн бирин гана көзөмөлдөп келет. Орусия бул жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын таанып, алар Донецк жана Луганск облустарынын толук аймагына ээлик кыларын билдирген.
Украин өкмөтү жана Батыш өлкөлөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия бул эки облуска толук көзөмөлүн орнотуп, буга чейин аннексияланган Крымга кургактан коридор ачуунуну көздөп жатат.
Орусиянын башкы дипломаты Лавров соңку маегинде, Москва Украинада өзөктүк куралды колдонуу ниети жоктугун, орус аскерлеринин башкы максаты жайкын тургундар эмес, аскердик объектилер экенин кошумчалады. Бирок украин бийлиги орус күчтөрүнүн колунан жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын билдирип келет.
- АКШ, Британия жана Канада Донбассты коргоо үчүн Украинага орус армиясынын ири чабуулуна каршы кошумча артиллерия жөнөтүүнү убада кылышты. Бул АКШ президенти Жо Байден 19-апрелде Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана башка Батыш лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду.
- Орус аскерлери Украинага басып киргенден бери 2072 жайкын тургун каза болгонун БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары билдирди. Алардын 169у балдар. Жараат алган 2818 адамдын 272си балдар. Каза болгондордун көбү Донбасста - 732 адам. Согуш башталгандан бери Украина көзөмөлдөгөн аймактарда 653 адам, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта 79 киши набыт болгон. БУУ аскерий аракеттер уланып жаткан жерлерден маалымат кечигип келгенин эске алып каза болгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал экенин билдирүүдө.
- Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы согушка барган ар бир ыктыярчыга бир жолку 300 миң рубль төлөөгө убада берди. Каалоочуларга коюлган талаптар минималдуу – алар 50 жашка чыга элек “ден соолугу чың эркектер" болушу керек. Алар Украинага мэриянын имаратында жайгашкан Грозныйдагы ыктыярчыларды кабыл алуу борбору аркылуу жөнөтүлөт. Алгач 10 күндүк даярдыктан өтүп, андан кийин согушка жөнөп кетет. Басылма алар менен эч кандай келишим болбой турганын жазган.
- Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу украин аскерлеринен 20-апрель, Москва убактысы боюнча саат 14.00гө чейин куралдарын таштап, багынып берүүсүн талап кылды. Шаршембинин таңында украин аскерлери билдиргендей, орус армиясы Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну уланттууда. Ал жакта украин аскерлери жана жайкын тургундар курчоодо турушат. 26-бригаданынын кол башчысы Сергей Волына заводду коргоп жаткан аскерлердин "акыркы күндөрү эмес, сааттары калганын" айтып, жардам сурады.
- Мариуполдогу аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды чыгарып кетүү үчүн Киев менен Москва 20-апрелде гуманитардык коридор түзүү боюнча бир пикирге келишти. Эваукация аракети Москва убактысы боюнча саат 14.00дө башталат. Мариуполдун мэри Вадим Бойченко бийлик 90 автобус менен алты миңдей карапайым адамды чыгарып кетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Еврокеңештин президенти Шарль Мишель 20-апрелде Киевге күтүүсүз барды. Ал Твиттерге Киевдеги автобекетте тартылган сүрөтүн коюп, «Бүгүн Киевде. Демократиялык жана эркин Европанын борборунда» деп жазды.