"Азовсталдын" асмандан көрүнүшү
Мариуполдогу "Азовсталь" ири металлургиялык комбинатынын азыркы көрүнүшү. Учурда бул жерде украиналык аскерлер курчоодо жатат. Комбинаттын аймагында жай тургундар дагы бар. Орусия Мариуполду коргоочуларга 14 саат ичинде багынып берүү талабын койду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушта каза тапкан аскерлер тууралуу маалыматты жашыруун кармайт. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосунун орус кызматы кабарлады. Маркум аскерлер жөнүндө маалымат мамлекеттик сыр катары сакталууга тийиш.
Орусияда куралдуу кармашта каза тапкандар жөнүндө маалымат 2015-жылдан бери аскердик сыр катары сакталат. Бирок каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жеңилдиктерди райондук администрациянын чиновниктери чегерет. Коргоо министрлиги өкмөттөн бул милдетти аскер комиссариаттарына берүүнү суранууда.
Долбоордун түшүндүрмөсүндө "Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жүрүп Украинада, "ДЭР", "ЛЭР" аймагында атайын операция учурунда каза тапкандардын үй-бүлөсү тууралуу маалыматты жашыруун сактоо" деп жазылган.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Орусия Украинага тынчтык келишиминин вариантын тапшырганын билдирди.
Украина өз вариантын 29-мартта Стамбулда өткөн эки тараптын жолугушуусунда берген. Ага ылайык, Украина НАТОго кирүүдөн баш тартат, өзөктүк курал менен алектенүүдөн карманат.
Алар кепилдик жөнүндө документке Орусиядан сырткары Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Франция, Канада, Италия, Польша жана Израил да кошо кол коюшу керектигин белгилеген. Ошондой эле Крым менен Севастополдун макамдары тууралуу сүйлөшүүлөр алдыдагы 15 жыл ичинде чечилиши керек, ал эми жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк менен Луганск райондорунун макамы украин президенти Владимир Зеленскийдин жана орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда гана талкууланышы шарт экени айтылган.
Москванын сунушун алганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк да ырастады. Ал документ тыкыр иликтенип жатканын кошумчалады.
Орусиялык олигарх Олег Тиньков президент Владимир Путиндин Украинага согуш ачуу чечимин кескин сынга алды. Ал Инстаграмга жазган билдирүүсүндө Орусиянын Украинага басып кириши, андан кийинки «акылсыз согуш» эч кандай пайда алып келбегенин жазды.
«Мен бул акылсыз согуштан пайда тапкан эч кимди көргөн жокмун! Бейкүнөө адамдар жана аскерлер өлүп атат», -деп жазды Тиньков 19-апрелде.