Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:59

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:16 20.4.2022

Черногориянын бийлиги Орусиянын Russia Today жана Sputnik медиасын өлкө ичинде көргөзүүгө тыюу салды. Өлкө Евробиримдикке мүчө эмес.

Буга чейин бир аталган медиага Европанын бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган. Брюссел анда бул эки басылма Орусиянын Украинага басып киришин системалык түрдө манипуляциялап, жалган маалымат таратканын билдирген.

15:02 21.4.2022
  • Путин Мариуполдогу "Азовсталь" заводун курчоого алуу планын артка кайтарды. Анын ордуна өндүрүштүк аймакты жабууга буйрук берди.
  • Орусия БУУнун Пасха майрамынын алдындагы жарашуу сунушунан баш тартты.
  • Орусиялык аскерлер украиналык армияны Донбасстан сүрүп чыгууга аракет кылууда.
  • АКШнын Каржы министрлиги санкцияга илине турган орусиялык уюмдардын жана адамдардын жаңы тизмесин чыгарды.
  • Украиналык тарап Орусияга атайын сүйлөшүүнү Мариуполдо өткөрүүнү сунуштады. Киев бул сүйлөшүү украиналык аскерлерди жана жай тургундарды шаардан чыгып кетүүсүн камсыздайт деген ишенимде.

15:13 21.4.2022

Сергей Шойгу Путинге Мариуполду алганын билдирди. Путин "Азовсталды" чабуул коюуну максатсыз деп атады

Орусиянын Коргоо министрлиги "уюшкан улутчулдардын калдыктары "Азовсталдын" аймагына жашынганын айтып, заводду алууга үч-төрт күн керек" экенин билдирди. Путин "Азовсталды" чабуулду алууну максатсыз деп атап, аны артка кайтарды. Анын ордуна өндүрүштүк аймакты жабууну буюрду. Орус президенти аскерлерин шаарды бошоткону менен куттуктап, өздүк курамды сыйлоого буйрук берди.

15:53 21.4.2022

Пентагон орусиялык "Сармат" баллистикалык ракетасын учуруу АКШ жана анын өнөктөштөрү үчүн коркунуч туудурбайт деп эсептейт. Алар мындай сыноодор күтүүсүз болбогонун белгилешти.

20-апрелде Орусия "Сармат" баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын билдирген. Сыноо Плесецк космодромунда өткөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG