Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:41 21.4.2022

Кыргызстандын УКМКсы “Z” белгисин колдонбоого чакырды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарды “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө чакырды. Шаар тургундарын 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө мындай аскердик кийимдерди кийип чыкпоого үндөдү.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы 21-апрелде тараткан билдирүүдө улут аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганы эскертилген.

Z жана V тамгалары Украинага басып кирген орусиялык техникага тартылган. Кремлчил пропагандачылар аларды “атайын операциянын” символдору деп аташат.

Буга чейин Z жана V тамгаларын согуш контекстинде пайдаланууга Украинанын парламенти жана Германиядагы бир нече регион тыюу салган. 19-апрелде Молдованын президенти Мая Санду өлкөдө Ыйык Георгийдин орденинин тасмасын, орус аскерлери Украинадагы согушта пайдаланган Z жана V тамгаларын колдонууга тыюу салган мыйзам долбооруна кол койгон.

17:00 21.4.2022

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жана Даниянын өкмөт башчысы Метте Фредериксен айым 21-апрелде Украина президенти Владимир Зеленскийге колдоо көрсөтүү үчүн Киевге барышты.

Алар Зеленский менен украиналыктарга колдоо көрсөтүү жана Украинадагы адам укуктарын, ыктымал согуш кылмыштарын талкуулай турганы күтүлүп жатат.

Буга чейин Киевге бир катар башка европалык лидерлер, анын ичинде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Британия менен Чехиянын өкмөт башчылары Киевге барып кетишкен.

21-апрелде Британиянын чалгын кызматы Орусия жеңишке 9-майга чейин жеткенге аракет кылып, чабуулдарын ыкчамдатышы мүмкүн экенин эскерткен.

Ушул тапта орус күчтөрү Украинанын Краматорск шаарына ракетадан сокку урууда.

23:29 21.4.2022

АКШ президенти Жо Байден Украинага Орусиядан коргонуу үчүн 800 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөрүн 21-апрелде билдирди. Алдыдагы бир нече жумада Украинага артиллерия, тактикалык учкучсуз аппараттар жана башка курал-жабдык жеткирилет.

Өткөн жумада эле АКШ Украинага 800 миллион долларлык жардам бөлгөнүн жарыялаган.

Байден Вашингтон украин күчтөрүнө чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү улантарын кошумчалады. Андан тышкары Байдендин айтымында, АКШ Украинга экономикасын стабилдештирүүгө жардам берүү үчүн 500 миллион доллар бөлөт.

16:10 22.4.2022
  • Маруипол шаарынын бийлиги чет жакасындагы Мангуш кыштагында бир нече миң адамдын сөөгү жапырт көмүлгөн жай болушу мүмкүн экенин билдирди.
  • Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-апрелге караган түнү жарыялаган видео кайрылуусунда Мариупол шаары орус күчтөрүнө дагы деле каршылык көрсөтүп жатканын айтты. Ал орус тарап Украинанын чыгышында жана түштүгүндөгү аракеттерин жеңиш катары көрсөтүүгө аракет кылып, аймакка жаңы күчтөрдү тартып келгенин, керек болсо оккупацияланган аймактын калкын аскерге чакырууга аракет кылып жатканын, бирок андан майнап чыкпай турганын айтты.
  • Украинанын Мариупол шаарынын мэри Вадим Бойченко Азов деңизинин жээгиндеги бул калаадан жайкын тургундарды "толук эвакуациялоо" зарылдыгын айтты.
  • Украина экономикалык жоготуунун жана уланып жаткан согуштун чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн ай сайын 7 миллиард долларга муктаж. Бул тууралуу украин президенти бейшемби күнү Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилери менен виртуалдык жолугушуусунда айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG