Украина экономикалык жоготуунун жана уланып жаткан согуштун чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн ай сайын 7 миллиард долларга муктаж. Бул тууралуу украин президенти бейшемби күнү Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилери менен виртуалдык жолугушуусунда айтты. Ал Орусия кол салгандан бери Украинада миңдеген турак жайлар, ооруканалар, инфраструктуралык түзүмдөр, 1100дөн ашуун билим берүү жайлары талкаланганын, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн миллиарддаган доллар керек экенин белгиледи.
"Орусиянын кол салуусу кадимки экономикалык байланыштарды толук талкалады. Баштапкы анализ болжол менен 550 миллиард долларлык жоготуу болгонун көрсөттү. Орусия биздин Кара деңиздеги жана Азов деңизиндеги портторубузду бөгөттөдү. Бул Украинанын экспортун, анын ичинде айыл чарба продукцияларынын экспортун кыйла чектеп койду", - деди Зеленский.
Ал Орусиянын алдыдагы "агрессивдүү максаттарын" оозуктоо үчүн Украинага жардам көрсөтүү, Москванын эл аралык финансылык институттар менен байланышын токтотуу, "орус элитасынын" мүлкүн камакка коюу сыяктуу бир катар чараларды көрүү керектигин кошумчалады.
19-апрелде Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Украинадагы согуштан улам быйыл дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи солгундай турганын билдирген. Фонддун божомолуна ылайык, быйыл Украинанын экономикасы 35%, Орусиянын экономикасы 8,5% төмөндөйт. Фонд Украинадагы согуш дагы узакка созула турган болсо, анда 2022-жылга карата божомол дагы начарлашы мүмкүндүгүн эскерткен.
Американын Киевге жардамынын пакетинде алуучу тараптын атайын буюртмасы менен жасалган дрондор бар.
Пентагон Украинага бул өлкөнүн аскерлеринин буюртмасы менен жасалган 120 дронду жибере турганын билдирди. “Феникстин арбагы” деп аталган аппарат АКШнын 800 млн. долларлык аскердик жардамынын пакетине кирген.
Учкучсуз аппарат тууралуу азырынча толук маалымат жок. Бирок ал бутага таамай тийип, жарылып кетүүчү Switchblade дронунун үлгүсүндө жасалганы айтылууда.
Жаңы дронду рюкзакка салып жүрсө болот, аба ырайынын бардык шартына ыңгайлашкан. Америкалык эксперттердин айтымында, Украина үчүн жасалган вариант чопкутталган техникаларды жок кылууга жөндөмдүү. Аны күнү да, түнү да учурса болот, оператор бутаны мээлемейинче абада алты сааттан ашык жүрө берет.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси Орусиянын Украинадагы аракеттери согуш кылмыштары деп мүнөздөлүшү мүмкүндүгүн билдирди. Кеңсенин маалыматына ылайык, 9-апрелде Улуттар Уюмунун миссиясы Украинанын Буча шаарчасында 50 жайкын тургун мыйзамга каршы келген жагдайда өлтүрүлгөнүн документтештирген. Алардын айрымдары соттун чечими жок өлүм жазасына тартылган.
"Миссияга Киев, Чернигов, Харьков жана Сумы аймактарындагы шаарларда 300дөн ашуун жайкын тургундар өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар келип түштү. Алардын баары орус күчтөрү февраль айында жана март айынын башында аймактарды көзөмөлдөп турган учурда болгон", - деп билдирди Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын басма сөз өкүлү Равина Шамдасани.
Ал далилдерди сактоо жана адамдардын сөөктөрүнүн калдыктарына сый-урмат менен мамиле кылуу маанилүү экенин кошумчалады.
Орусиянын аскерлери Украинанын түндүгүнөн чыгып кеткенден бери жүздөгөн жайкын тургундардын сөөгү, көп адам бирге көмүлгөн жерлер ачыкка чыгып жатат. Москва өз аскерлери Украинада карапайым жашоочуларга ок атпаганын кайталап келет.
Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы 24-февралдан 20-мартка чейин Украинада 2345 жөн-жай тургун өлтүрүлгөнүн, 2919 киши жаракат алганын ырасташты. Бирок уюм согуштун курмандыктарынын чыныгы саны мындан кыйла көп экенин эскертүүдө.
Украин бийлигинин өкүлдөрү орус тарап март айынан бери тынымсыз сокку урган Мариуполь шаарында эле миңдеген жайкын тургундар мерт болгонун билдирип келет.
"Интерфакс" маалымдагандай, генерал-майор Миннекаев бул тууралуу Орусиянын Свердлов облусундагы коргонуу тармагындагы ишканалардын бирикмесинин жыйынында айткан. Генералдын сөзүнө караганда, Украинанын түштүгүнө толук көзөмөл орнотуу менен орус армиясы "украин экономикасынын маанилүү объекттерине таасир этүү" мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус генералынын бул билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, мындай өтүнүчтөр Орусиянын Коргоо министрлигине жолдонушу керектигин айтты.
Буга чейин украин бийлиги орус күчтөрү Херсон облусунунун Украинадан бөлүнүшү тууралуу референдум өткөрүүнү көздөп жатканын эскертишкен. Президент Владимир Зеленский Москванын мындай ниети ишке ашпай турганын белгилеген.
Москва Молдовадагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп келе жаткан Приднестровье аймагына коридор ачуу үчүн Украинадагы Одесса жана Николаев сыяктуу шаарларга көзөмөлүн орнотушу керек. Украин адистери орус күчтөрүнүн бул максатты ишке ашыруу үчүн чама-чаркы чектелүү экенин айтып келишет.