Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:12 23.4.2022

Виктория Нуланд Москва өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин танбайт

АКШнын мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Украинага согуштун жүрүшүндө Владимир Путин "оор кесепеттерге алып келүүчү куралды, анын ичинде өзөктүк куралды колдонууга уруксат бериши ыктымал" экенин билдирди. Нуланд бул тууралуу украиналык "Европа чындыгы" басылмасына берген интервьюсунда айтты.

Анын айтымында АКШ жана анын өнөктөштөрү Кремлге өзөктүк куралды колдонуунун кесепети Путин жана Орусияга үчүн оор болорун эскертип жатат. Нуланд окуя кандай жол менен өнүкпөсүн Батыштагы өнөктөштөр "Украинаны жалгыз калтырбай турганына" токтолду.

Америкалык дипломат өзөктүк курал колдонуу "кырдаалды такыр башка деңгээлге" өзгөртүшү мүмкүн экенин белгиледи.

18:23 23.4.2022

Өзбек дипломаттары Киевге кайтты

Өзбекстандын Украинадагы элчилиги 22-апрелден баштап Киевдеги ишин толук жандандырды. Бул тууралуу расмий Ташкент маалымат таратты.

18:24 23.4.2022

Украинада каза болгон Исломжан Камиловдун сөөгү туугандарына бериле элек

Өзгөндө чоңоюп, кийин орус жарандыгын алган Исломжан Камиловдун сөөгү туугандарына бериле элек. Ал Украинадагы согушта каза болгонун, сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасына алып келингенин агасы Акбар Хабибуллаев 23-апрелде "Азаттыкка" билдирди.

“Бүгүн Өзгөнгө тик учак менен жеткиребиз деп айтышкан. Күтүп жатабыз. Туугандарыбызды жаназага чакырып койгонбуз”, - деди ал.

18:26 23.4.2022

Украинада орус аскерлери басып алган Виноградное айылындагы көрүстөндүн жанында адамдар жапырт көмүлгөн дагы бир болжолдуу мүрзөнүн спутниктен тартылган сүрөтү жарыяланды.

Айыл Мариуполдон беш чакырымдай алыс экенин "Азаттыктын" украин кызматынын "Схемалар" долбоору маалымдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG