Орусия "Москва" крейсеринде бир адам каза болгонун билдирди
Орусиянын Коргоо министрлиги "Москва" ракеталык крейсеринде өрт чыгып, бир адам каза болгонун, 27 киши дайынсыз жоголгонун билдирди. Калган 396 экипаж мүчөсү аймактагы Кара деңиз флотунун кемелерине эвакуацияланганын "Интерфакс" аталган мекемеге таянып жазды.
Орусия аннексиялап алган Севастполдун губернатору Михаил Развозжаев крейсерде генерал Иван Вахрушев өлгөнүн айтты. Бул ысымды беш күн мурун "Азаттыктан" украин кызматынын журналисттери да аныкташкан болчу.
Bloomberg: АКШ жана ЕБ Орусиядан мунай импортун чектөөнү сүйлөшүүдө
АКШ жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Еврошаркетке Орусиядан мунай импортун чектөө жана Москванын чийки зат сатуудан алган кирешесин азайтуу жаатында мүмкүн болгон чараларды талкуулап жатат. Бул тууралуу Bloomberg анонимдүү булактарга таянуу менен билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн максаты - Орусиянын президенти Владимир Путинге карата "эң күчтүү соккуну" аныктоо экени кабарланды. Евробиримдик эмки аптада шаркетке мүчө мамлекеттердин талкуусуна сунуштарды киргизиши ыктымал.
Молдова генерал Миннекаев айткан Орусиянын планына тынчсызданууда
Молдованын Тышкы иштер министрлиги орусиялык аскерлердин Донбасска, Украина түштүгүнө толук көзөмөл орнотуп, аннексияланган Крымга коридор ачуу жана молдовалык чек арага чыгуу максаты тууралуу кабарга камтамачылыгын билдирди.
Орусиянын мындай планы бар экенин 22-апрелде Борбордук аскер округунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Миннекаев айткан.
Молдованынын ТИМнин кайрылуусунда өлкөнүн бейтарап статусу бардык өлкөлөр, анын ичинде Орусия тарабынан да урматталышы керектиги белгилеген.
90-жылдардын башында Молдованын чыгыш району Приднестровьеде куралдуу жаңжал чыгып, натыйжада бир да өлкө тааныбаган "Приднестровьедеги Молдаван республикасы" пайда болгон. Анда учурда орусиялык аскердик контингент жайгашкан.
Одессада турак жайга ракеталык сокку урулуп, андан беш адам каза болду