Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:09 23.4.2022

Одессадагы турак үйгө тийген ракеталык соккудан алты адам каза болгону кабарланды. Ал эми жараат алгандар жыйырмага жетти.

Би-Би-Синин кабарчысы бир ракета 14 кабат үйдүн ылдыйкы кабаттарына тийгенин ырастады. Ал Х-101 деп аталган авиациялык канаттуу ракета экени айтылууда. Украина тарап орус аба-космостук күчтөрү жалпы төрт ракета атканын, анын экөө турак үйгө, экөө аскердик объектиге түшкөнүн кабарлады.

23:16 23.4.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги Одессада “логистикалык терминал жок кылынганын” билдирди

“Орусиянын аба-космостук күчтөрүнүн таамай тийүүчү ракеталары бүгүн күндүз Одессанын аскердик аэродромундагы логистикалык терминалды жок кылды. Ал жерде АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген курал-жарактар сакталып турган эле", - деп билдирди мекеменин расмий өкүлү.

11:43 24.4.2022

Түркия Сирияга учкан орусиялык аскерий жана жарандык учактар үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу 23-апрелде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.

Сирияда Орусиянын аскердик контингенти, анын ичинде согуштук учактар бар.

Чавушоглунун айтымында, учууга үч айга уруксат берилип, мөөнөтү апрелде аяктады, Түркия аны узарткан эмес. Бул кадамдын себептерин айткан жок. Ал Босфор кысыгы аркылуу да аскердик кемелердин өтүүсүнө тыюу салынганын кошумчалады. Түркия бул кадамга Украинадагы согушка байланыштуу барган.

11:57 24.4.2022

Орус аскерлери ишембиде Одессага ракеталык чабуул жасашты. Украин бийлиги жайкын тургундар арасында курмандыктар бар экенин билдирди.

Украинанын "Түштүк" абадан коргонуу ыкчам командачылыгы Каспий деңизинин акваториясынан кеминде төрт канаттуу ракета атылганын кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, эки ракета атып түшүрүлгөн, дагы экөө аскердик объектиге жана эки турак жайга тийген.

Социалдык түйүндөрдө ракетадан зыян тарткан көп кабаттуу турак жайдын сүрөтү жана видеосу тарады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдан сегиз жай тургун, анын ичинде үч айлык наристе набыт болгонун айтып, сокку ургандарды "сасык бейбаштар" деп атады. Буга чейин Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак беш киши каза болгонун билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таануу керектигин айтты. "Орусиянын Одессага ракеталык чабуулдарынын бирден-бир максаты - террор", - деп жазды Кулеба "Твиттерге".

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG