Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:52 24.4.2022

Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 213 өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 24-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, согуштан 389 бала жаракат алды.

Украинанын башкы көзөмөл органы бул сан өзгөрүшү мүмкүндүгүн, куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан аймактарда согуштун курмандыктарын аныктоо иши жүрүп жатканын белгиледи.

Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко билдиргендей, жекшемби күнү орусиялык күчтөрдүн артиллериялык аткылоосунан аймакта 5 жана 14 жаштагы эки кыз каза тапты. Ал Телеграм каналына жазгандай, Очеретино шаарчасында өспүрүм кыздар жашаган имаратка снаряд тийген.

Украин өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 23-апрелде өлкө түштүгүндөгү Одесса шаарындагы ракета соккусунан каза тапкан кеминде беш кишинин арасында үч айлык ымыркай да бар.

17:56 24.4.2022

Украинанын баш калаасы Киев баштаган бир катар аймактарда православдардын Пасха майрамы белгиленип жатат. Бул күнгө карата президент Владимир Зеленский Киевдеги София соборунан видео кайрылуу жолдоп, Украина согушту жеңип чыгарына ишенип турганын айтты. Ал Мариупол шаарындагы акыркы украин аскерлерин "каарман коргоочулар" деп атады.

"Биздин дубалдарды талкаласа болот. Бирок биздин аскерлерибиздин жана бүтүндөй өлкөнүн рухунун пайдубалын талкалоо мүмкүн эмес", - деди Зеленский.


Православдардын Пасха майрамы Орусия Украинага басып киргенине туура эки ай болгон учурга туш келди. Буга чейин украин бийлиги бул күнү диний жөрөлгөлөрдүн көбү онлайн түрдө өткөрүлөрүн эскертип, калкты түнкү комменданттык саат эрежесин сактоого үндөгөн.

Дүйнөдөгү православдардын руханий лидери патриарх Варфоломей Пасхага карата жолдогон кайрылуусунда Украинанын Мариупол баштаган бир катар шаарларына гуманитардык коридор ачууга чакырды.

Бирок бир нече күн мурда украин президенти Зеленский орус тарап Пасха маалында ок атышууну токтотуу тууралуу Киевдин сунушун четке какканын айткан.

Орусия менен сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген Михаил Подоляк жекшемби күнү билдиргендей, орус күчтөрү Мариуполдогу украин күчтөрүнүн акыркы чордонуна айланган "Азовсталь" заводун аткылоону улантып жатат.

19:18 24.4.2022

Кошмо Штаттардын жогорку расмий жетекчилери Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи жолу Киевге жол тартып жатканы кабарланууда. Украин президенти Владимир Зеленский 23-апрелдеги видео кайрылуусунда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остин менен Киевде сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айткан.

"Эртең америкалык өнөктөштөр менен маанилүү сүйлөшүүлөр бар", - деп билдирген Зеленский .

Ак үй Блинкен менен Остиндин сапары тууралуу маалымат берген жок. Мамлекеттик департамент менен Пентагон комментарий берүүдөн баш тартты.

Эгер бул сапар ишке ашса, анда согуш башталгандан бери биринчи жолу Украинага Американын эң жогорку даражалуу өкүлдөрү барган болот.

Зеленский бир күн мурдагы кайрылуусунда Киевдеги бул сүйлөшүүлөрдөн курал-жаракка байланыштуу конкреттүү жыйынтыкты күтүп жатканын белгилеген.

19:19 24.4.2022

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жакында Львовдон Киевге кайтуу маселесин карап жатат. Азырынча так датасы белгисиз. Элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдиргендей, Киевдин жергиликтүү аскердик органдары дипломатиялык өкүлчүлүктүн баш калаага барышы бир аз кооптуу экенин айткан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын элчилиги да өлкөнүн батышына - Львовго көчүрүлгөн.

Кадыркулов элчилик ал жакта толук кандуу иштеп жатканын, узаган аптада кыргызстандык жети киши Украинадан чыгарылып, Будапешт жана Кишинев аркылуу мекенине узатылганын маалымдады. Анын айтымында, согуш башталгандан бери ал жактан жүздөгөн кыргызстандыктар коопсуз аймакка чыгарылды. Львовдо иштеп жаткан айрым элчиликтер Киевге кайтып жатат, арасында Британия, Өзбекстандын өкүлчүлүктөрү бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG