Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:10
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:24 26.4.2022

Германиялык Rheinmetall концерни Киевге Leopard 1A5 танкынан 88 даана жеткирүүгө уруксат сурады

Ар кандай модификациядагы Leopard 1 танктарынын Бундесвердин карамагында 2010-жылдан бери турат. Андан кийин Leopard 2 жаңы моделине алмашкан. Бирок Leopard 1 армиянын колунда ушу күнгө чейин бар жана колдонулуп келет.

Германиялык Die Welt гезити документтерге таянып, концерн биринчи жаңы 22 танкты бир нече жумада, калганын жыл аягында жибере ала турганын жазды. Бирок бул үчүн Германиянын өкмөтүнөн уруксат алуу керек. Rheinmetall буга чейин канцлер Олаф Шольцтун администрациясына кайрылган. Reuters агенттигинин маалыматында Rheinmetall Украинага 100 Marder үлгүсүндөгү зоотолгон техниканы жиберүүгө уруксат сураган. Бирок концерндин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

12:40 26.4.2022

Орусиянын аскерлери Украинага басып киргенден бери 217 бала каза болуп, 391и жараат алган. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Алардын эң көбү Донецк облусунда - 123, Киевде 114, Харьковдо 93, Черниговдо 66, Херсондо 44, Николаевде 43, Луганскта 37, Запорожьеде 27, Сумыда 17, Киев шаарында 16, Житомирде 15 бала жабыркады,-деп жазылат прокуратуранын телеграм-каналында.

Бул сандар өзгөрүшү мүмкүн экени, азыркы учурда согуштук аракеттер кызуу жүрүп жаткан, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактарда тактоо иштери жүрүп жатканы айтылган.

12:42 26.4.2022

Финляндия жана Швеция 16-22-май аралыгында НАТОго кошулууга даярдана баштаганын жарыялайт

Бул тууралуу Би-би-си жергиликтүү басылмаларга таянуу менен жазды. Бул маалымат расмий жактардан ырастала элек.

Финляндия менен Швеция көп жылдан бери НАТО менен тыгыз кызматташып келет. Бирок Орусиянын Украинага кол салуусунан мурун алар Түндүк Атлантикалык альянска расмий түрдө кошулууну каалашкан эмес. Орус армиясынын кол салуусунан кийин эки өлкөдө тең НАТОго кошулууну жактагандардын саны кескин өскөн.

13:24 26.4.2022

Өткөн суткада орус аскрелери тарабынан Луганск облусунда 17 жолу артеллериялык аткылоо болуп, андан беш турак үй зыян тарткан.

Бул тууралуу облустун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай телеграм-каналына жазгандай, жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG