АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын Украинадагы жоготуулары Кремлдин мындай агрессиясын башка жерлерде кайталоого жол бербейт деп үмүттөнөрүн билдирди. Пентагондун жетекчиси Киев керектүү колдоо алса, согушту жеңерин айтып, украин аскерлеринин аракеттерин жогору баалады.
“Биз Орусиянын катуу алсырап, Украинага басып киргендей жоруктары кайталанбашын каалайбыз. Алар бир топ согуштук потенциалын жоготту. Анын ордун толтура албагыдай калуусун каалайбыз”, - деди Остин Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен Киевге барып кеткенден кийин.
Визиттин учурунда АКШ Украинага жана өнөктөштөргө дагы 700 миллион долларлык аскердик жардам берери белгилүү болгон.
Молдованын президенти Майя Санду өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чогултту. Анын алдында жикчил Приднестровье аймагынын бийлиги 26-апрелде орусиялык радиону ретрансляция кылган эки кубаттуу антенна жардырылганын билдирген. Өзүн "Приднестровье Молдова жумурияты" деп атаган эч ким тааныбаган аймактын Ички иштер мекемеси жардыруудан жабыркагандар болбогонун кошумчалады.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.
25-апрелде Приднестровьенин Коопсуздук министрлигинин Тирасполдогу имаратында бир нече жардыруу болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерди гранатометтон аткылашкан. Аймактын башчысы Вадим Красносельский Парканы айылынын жанындагы аскердик объектиге жакын жерде жардыруу болгонун билдирген. Алар кимди күнөөлөп жатканы белгисиз.
Буга чейин орус Коргоо министрлиги Украинадагы операциянын эмки баскычы ал өлкөнүн түштүгүн басып алып, Приднестровьенин чек арасына чейин жетүүнү максат кыларын билдирген.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзөктүк согуш коркунучу азыр реалдуу экенин, аны көңүл сыртында калтырбоо керектигин билдирди. Жергиликтүү мамлекеттик Биринчи канал менен маекте министр Москва өзөктү согушка жеткирбеш керек деген позицияны краманарын белгиледи.
Лавров Украинадагы кырдаал Үчүнчү дүйнөлүк согушка жетпейт деп ишенерин айтып, НАТО Киевге курал-жарак жөнөтүү менен Орусияга каршы прокси-согуш жүргүзгөнүн билдирди. Башкы дипломат тынчтык келишимине жетүү жериндеги аскердик абалга байланыштуу болорун белгиледи.
Министр Батышты "эки тараптын мунаса табуусуна тоскоол болуп жатат" деп айыптады.
Нидерланддар Украина армиясы үчүн "эң кубаттуу" гаубицтерди берет
Бул тууралуу ANP агерттиги Нидерланддын коргоо министрине шилтеме берүү менен кабарлады.
Кеп өтө аз сандагы гаубицтер Германия менен кызматташтыкта берилет. Немис армиясы украин жоокерлерин бул куралды кантип атууну үйрөтөт жана ага керектүү жабдыктар менен камсыздайт.
21-апрелде Forbes немис өндүрүшүнөн чыккан Panzerhaubitze 2000 гаубицасы тууралуу кеп болуп жатканын билдирген. Курал 50-60 км аралыктан ата алат. Бул өнөктөштөрдүн Украинага берип аткан эң кубаттуу жана заманбап курал. PzH 2000 1998-жылы жасалган.