Мариупол: "Азовсталдын" астындагы кадрлар
Мариуполдун Телеграм-каналына “жертөлө госпиталынын” сүрөттөрү жарыяланды. Ал жерде украин аскерлери жана орусиялык аскерлердин огу тийген жай тургундар жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш шейшембиде Москвага барды. Ал бул Орусиянын президенти менен жолукту.
Путиндин ал жолугушууда айткандары:
- Бучадагы чагымдын Орусияга эч тиешеси жок
- Аскердик операцияга карабай Орусия мурдагыдай эле Украина менен сүйлөшүүдө мунасага жетишүүнү көздөйт
- Мариуполдо аскердик аракеттер токтоду (Украина бийлиги акыркы суткада эле шаар 35 жолу аткыланганын билдирди)
- "Мариуполдо 1300 украиналык аскер туткунга түштү"
Гуттериш өз кезегинде БУУнун жана Кызыл Чырымдын бардык ресурсун "Азовсталдагы" жарандарды чыгарып кетүүгө жумшарын айтып, БУУ, Орусия жана Украина ортосунда гуманитардык коридордо иштей турган топ түзүүнү сунуштады.
Ал Орусиянын Украинага дооматтарын "түшүнө турганын" белгиледи. Ошол эле БУУнун баш катчысы болуп жаткан көрүнүштү "Орусиянын Украинага кол салуусу" деп эсептей турганын белгиледи.
Гуттериш Москвадан кийин Киевге украин президенти Владимир Зеленскийге жолугуу үчүн барат.
"Газпром" 27-апрелде рубль менен эсептешүүдөн баш тартканы үчүн Польша жана Болгарияга кеткен газдын агымын бууганы кабарланды.
Орусиянын Украина менен чектеш аймактагы Белгород облусунун Старая Нелидовка айылында жайгашкан курал-жарак кампасы өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башчысы Сергей Потапов кабарлагандай, өрт өчүрүлгөн.
Мурдараак облус губернатору Вячеслав Гладков аталган айылда жарылуу болгонун билдирген. Интернетте асманга чыккан түтүндүн видеосу тарады.
27-апрелге караган түнү Орусиянын башка шаарлары Курскиде жана Воронежде да жарылуулардын добуштары чыкканын жергиликтүү басылмалар жазышты. Бийлик өкүлдөрү Украина тараптан келген учкучсуз учактарды Орусиянын абадан коргонуу системалары аткылганын билдиришти. Жабыргандар тууралуу маалымат жок.