Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:55 27.4.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Украинанын Чернобыл атомдук электр станциясындагы радиациянын деңгээли нормалдуу чекке түшкөнүн маалымдады. Бул тууралуу ал 27-апрелде Франс-пресс агенттигине айтты.

Гросси станцияны орусиялык аскерлер кайтарып турган учурда оор техникалардын айынан радиация “өтө кооптуу” абалга жеткенин, азыр ал басаңдаганын кошумчалады. Ал ЧАЭСке 26-апрелде, станциядагы 1986-жылкы кырсыктын жылдыгына карата барган.

Орусия Украинага кол салган алгачкы күнү – 24-февралда эле Чернобыл атомдук электр станциясын басып алышкан. Аны марттын аягында гана таштап чыгып кетишти.

Украинанын өкүлдөрү орусиялык аскерлердин эң кооптуу деп саналган “сары токойдо” согуштук окоп казганы да радиациянын деңгээлин көтөргөнүн, жоокерлер өздөрү да катуу ууланганын билдирүүдө.

17:41 27.4.2022

Европа Биримдиги орусиялык мамлекеттик энергетикалык гигант “Газпром” компаниясынын Польша менен Болгарияга газ берүүсүн токтотконун “Москванын шантажы” деп баалады.

Аталган эки өлкөгө көгүлтүр отун берилбей калганы 26-апрелде белгилүү болгон. "Газпром" 27-апрелде билдирүү таратып, Польша менен Болгария жаңы схема менен төлөм жүргүзбөгөнү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдады. Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда киргизген схемага ылайык, “дос эмес өлкөлөр” мындан ары газды рубль менен сатып алышы керек.

“Газпром” компаниясынын газды Европага жеткирүүнү бир тараптуу токтотуу тууралуу кулактандыруусу Орусиянын газды шантаждын инструменти катары пайдалануу аракети”,-деп айтылат Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйендин билдирүүсүндө. Ал Евробиримдик мындай сценарийге даяр экенин да кошумчалады.

23:02 27.4.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин “сырттан кимдир бирөө” Украинадагы кырдаалга аралашса жана Орусияга стратегиялык мүнөздө коркунуч жаратса Москва “чагылгандай сокку” ура турганын эскертти. Бул тууралуу ал Санкт-Петербургда Мыйзам чыгаруучулар кеңешинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып билдирди.

Путин соккуларды “жооп чара” (ответно-встречный) деп атады. Бул термин аскердик доктринада өзөктүк куралга байланыштуу колдонулат.

Орус президенти кайсы буталарга кайсы куралдардан сокку уруларын тактаган жок. Өз сөзүндө ал Орусиянын каршылаштарында жок курал жөнүндө кеп кылып, 24-февралдагы эскертүүсүн эске салды. Украинага кол салуусун түшүндүргөн андагы билдирүүсүндө Путин, эгер чет өлкөлөр аралашса “анын кесепети тарыхта болуп көрбөгөндөй болорун” айткан.

Владимир Путин “Украинадагы жана Донбасстагы аскердик атайын операция” улантыларын, бардык милдеттемелер аягына чыгарыларын белгиледи. Анын ичинде Орусиянын, аннексияланган Крымдын жана “ДНР” менен “ЛНР” түзүмдөрүнүн жашоочуларынын коопсуздугун атады.

Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди.

Согуштук аракеттерден эки тараптан тең, аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Батыш өлкөлөрү Украинаны курал менен камсыз кылуусун жана Орусияга санкция салуусун күчөтүп жатат. Ошентсе да өздөрү Орусия менен түздөн-түз тирешке барбай турганын билдиришүүдө.

23:02 27.4.2022

Орусия Украинадагы бастырып кирген бардык багыттары боюнча чабуулун жана ок атууну күчөттү. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Александр Мотузяник шаршембидеги билдирүүсүндө маалымдады.

Орус армиясы Киев жана Чернигов багыттары боюнча артка чегингени менен Украинанын чыгыш жана түштүк тарабында баскынчылыгын улантып келет. Иш жүзүндө Луганск жана Донецктен сырткары Харьков, Запорожье, Херсон, Николаев жана Одесса облустары аткыланууда. Мотузяниктин билдиришинче, кармаш өзгөчө Харьков менен Донецкте кыйла активдешти.

Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, орус аскерлеринин максаты Донецк жана Луганск облустарына толук көзөмөл орнотууну көздөп жатат. Москва бул эки облустагы жикчилдер жарыялаган түзүмдөрдү көз карандысыз мамлекет деп тааныган.

Орусия мындан сырткары аннексияланган Крым менен Орусияны туташтырган коридор ачууну каалап жатат. Орус аскерлери Азов деңизинин жээгин алды. Бирок Киев Мариуполго кетчү жолго дале украин аскерлери көзөмөлдөп жатканын кабарлоодо.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу мурдараак Киевден кайтарылган аскерлердин негизги милдети Донецк жана Луганск облустарынын аймактарын басып алуу экенин айткан. Ушул күндөрү берген интервьюсунда орусиялык генералдарды бири “атайын операциянын” максаты Украинанын бардык аймагын басып алуу экенин билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG