Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:38

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:07 28.4.2022

Харьковдун мэри Орусия менен байланыштуу аталыштын баарын өзгөртүүгө сөз берди

Харьковдун мэри Игорь Терехов согуш бүткөндөн кийин шаардагы Орусияга байланыштуу аталыштардын баарын өзгөртө турганын айтты.

"Харьковдо агрессор-өлкөгө байланыштуу топонимдер болууга тийиш эмес. Биздин Жеңиштен кийин мен депутаттарга биринчи сессияда эле Москва районунун жана Москва проспектисин аталышын өзгөртүүнү сунуш кылам. Харьковдо буларсыз деле коңшубуз кандай экенин эскерткен "тырыктар" жетиштүү калды", - деп жазды Терехов Телеграм-каналына.

Харьков Украинанын чоңдугу жагынан экинчи орунда турган шаары. Анда миңден ашуун имарат талкаланды. Облуста жана шаарда жүздөгөн адамдар окко учуп, жүз миңдеген адамдар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Украинанын бир катар шаарларында Орусияга байланыштуу жана бул өлкөнүн ишмерлеринин атын алып жүргөн көчө, объектилердин аталышы өзгөртүлүп жатат. Бир катар эстеликтер анын ичинде Киевдеги Элдердин достугу жана Мукачево шаарындагы Пушкиндин эстелиги демонтаж болду.

11:17 28.4.2022

Сумщине минометтон аткылоого кабылды

Орусиялык аскерлер Сумы облусунун Эсман громада калктуу пункту минометтон аткыланды. Бул тууралуу убактылуу аймактын убактылуу аскердик администрациясынын башчысы Дмитрий Живицкий билдирди.

11:24 28.4.2022

Орусиялык армия оккупациялап алган Херсондун жашоочулары жергиликтүү телемунарага ракета менен үч жолу сокку урулган видеону жарыялашты. Жарылуудан кийин айрым райондордо орусиялык телеканалдар иштебей калган.

17:23 28.4.2022

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кызматтан кетти

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кызматтан кетти. Өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов бул чечим анын башка жумушка которулушуна байланыштуу экенин айтты.

Маалыматка ылайык, Абдулазиз Камилов президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жетекчинин орун басары болду.

Камилов кызматтан кеткенге чейин Ташкент Украинанын бүтүндүгүн сыйларын, орусиялык жикчилдер жарыялаган "ДЭР" жана "ЛЭРди" тааныбай турганын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG