Гутерриш Киевде украин жетекчилиги менен жолугат
БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш украин жетекчилиги менен жолукканы жатат. Баш катчы Киевге 27-апрелдин кечинде, Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин келди.
"Гутерриш гуманитардык колдоо, карапайым элди согуш аймагынан эвакуациялоого жардам берүү уланарын" Твиттерге жазды.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусияга тиешеси бар активдерди Украинага берилген жардам үчүн пайдаланууга жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу “Америка добушу” радиосу маалымдады. Долбоорду 417 конгрессмен колдоп, сегиз мыйзам чыгаруучу каршы добуш берди.
Демократ Том Малиновски жана республикачыл Жо Уилсон иштеп чыккан документте мындай чара 2 миллион доллардан жогору активдерге, анын ичинде орусиялык энергетикалык компаниялардын менчигине колдонулары белгиленген.
Дүйнөлүк туризм уюму Орусияны өз катарынан чыгарды
БУУнун Дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) Украинадагы согуштан улам Орусиянын мүчөлүгүн токтото турууну чечти. 160 мүчө мамлекеттин көбү 27-апрелдеги добуш берүүдө чечимди колдоду. Бул тууралуу Мадридде жайгашкан уюмдун басма сөз кызматы билидрди. Бирок канча өлкө колдоп, канчасы каршы болгону такталган жок.
Канада Орусиянын Украинадагы аракеттерин геноцид деп тааныды
27-апрелде Канаданын парламенти Орусиянын Украинадагы аракеттерин “геноцид” деп атаган документти бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү La Presse гезити жазды.
Депутаттардын айтымында, Орусия жасаган "адамзатка каршы ырааттуу, массалык согуш кылмыштарынын далилдери абдан көп".
Документтин автору Хизер Макферсон Орусиянын аракеттерин геноцид деп таануу алгачкы гана кадам болгонун айтып, өкмөттү Москвага каршы санкцияларды күчөтүүгө, украин элине гуманитардык жардамды көбөйтүүгө чакырды.