Германиянын парламенти Украинага оор аскердик техникаларды жөнөтүүгө макулдук берди
Бундестаг 28-апрелдеги жыйынында Украинага оор аскердик техникаларды жөнөтүүгө көпчүлүк добуш менен макулдук бергенин DW басылмасы жазды.
Германиянын канцлери Олаф Шольц бир канча күн мурда Украинага оор аскердик техникаларды жөнөтүүгө тынчсыздануусун билдирип, Орусия муну жаңжалга НАТОнун да аралаша баштаганы катары баалашы мүмкүн экенин айткан.
БУУнун баш катчысы Киев облусун кыдырып чыкты
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Москванын Украинага каршы согушун “акылга сыйбаган” иш деп атады. 28-апрелде баш катчы Киевдин четиндеги шаарчаларды, анын ичинде Буча жана Бородянканы көрүп чыкты. Ал жерлерде апрелдин башында, орус аскерлери чегинденден кийин кыйноолордун белгилери бар көптөгөн кишинин сөөктөрү табылган.
"Мен ушул кыйраган, урандыларга айланган, таш-талканы чыккан үйлөрдө өз үй-бүлөмдү элестеттим, жакындары өлтүрүлгөндө паника болуп качып бараткан неберелеримди элестеттим".
Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш
Финляндия жана Швеция НАТОго кошулууну чечсе, аларды тез кабыл алса болот. Бул тууралуу бейшембиде аскердик блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсола менен биргелешкен пресс-конференцияда билдирди.
"Финляндия жана Швеция НАТОго жакын, биз биргелешип иш алып барабыз, кызматташабыз, чогу машыгуу жүргүзөбүз. Аларды альянска чакыруу чечимин кабыл алсак, Финляндия менен Швециянын коопсуздугу биз үчүн маанилүү деген саясий ишарат кылган болобуз”.
Германия парламентинин төмөнкү палатасы Украинага оор аскердик техника жөнөтүүнү колдоду.
Бундестагдын депутаттары жардам уланууга жана мүмкүн болгон жерлерде күчөтүлүүгө тийиш деп чечишти.
DW кабарлагандай, адатта өлкө куралдуу жаңжалдар аймагына курал жиберүүгө каршы болот. Бирок бул ирет тарыхый чечим кабыл алышты.
“Солчул партиянын” өкүлдөрү курал берүү согушту күчөтөт деп каршы чыгышты. “Германия үчүн альтернатива” оңчулдар партиясы мындай чечим “согуш жарыялоого жакын” деп макул болгон жок.
Канцлер Олаф Шольц оор техника менен камсыздоону Орусия НАТОнун урушка аралашуусу катары бааларын айтып, бир нече күн мурун кооптонуусун билдирген. Бейшембиде өкмөт башчы Жапонияга кеткендиктен, добуш берүүгө катышкан жок. Бул үчүн аны бир катар депутаттар сындады.
АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак менен жардам берип келатат.