Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады
АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи.
Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты.
Киевде бир нече жардыруу болду
Шаршемби күнү, 28-апрелдин кечинде Киевде бир нече жардыруу болду. Бул маалыматты Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко тастыктады.
Анын айтымында, жардыруулар Лукьяновка аймагында (Шевченко району) болгон. Геращенко орус армиясы бутага алынган аймакка бир эле учурда үч ракета учурганын, ошондуктан аларды атып түшүрүү кыйынга турганын түшүндүрдү. “Киевди көздөй багытталган ракеталардын бирин биздин абадан коргонуу күчтөрү жок кылды", - деди ал.
Конгресс Украинага курал жөнөтүүнү жеңилдеткен мыйзамдын долбоорун колдоду
Бейшембиде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага аскердик жардам көрсөтүүнүн жолдорун жеңилдеткен ленд-лиз (Lend-Lease) жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Документти Конгресстин эки партияны кошкондо 417 мүчөсү колдоп, 10у каршы чыкты.
Сенат бул мыйзам долбоорун буга чейин жактырган, эми ага президент Жо Байден кол коюшу керек.
Документте АКШ Украинага жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө 2023-жылга чейин курал-жарак берери каралган. Ошол эле учурда, Украина алдын ала акы төлөөгө милдеттүү болбойт. "Ленд-лиз" термини "ижарага берүү" деп которулат.
БУУнун баш катчысы Киевде жүргөндө орус армиясы сокку урду
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинага барган маалда орус армиясы 28-апрелде Киевге бир нече ракеталык сокку урду.
Маалыматка караганда, чабуул Гуттериш менен украин президенти Владимир Зеленскийдин биргелешкен маалымат жыйыны аяктаары менен жасалган.
Ракеталардын бири баш катчы жайгашкан мейманканага жакын жерге урулган.
Владимир Зеленский бул соккулар Орусиянын "БУУну жана бул уюмдун ишмердүүлүгүн басынтуу аракетин көрсөтөрүн" билдирди.