Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:23 30.4.2022

Украин президенти Владимир Зеленский расмий Москва менен тынчтык жөнүндө кеңири сүйлөшүүгө үмүтү калбаганын 29-апрелде билдирди.

Мурдараак порт-шаардагы миңдей кишини чыгарып кетүү аракети көрүлүп жатканы кабарланган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевди позициясын өзгөрттү деп айыптоодо.

АКШ президенти Жо Байден Украинага жардам үчүн 33 млрд. доллар бөлүп берүүнү Конгресстен сураган. Анын 20 млрд. доллары аскердик жардам болору айтылган. Конгресстин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бул маселе "болушунча тез чечилерин" билдирген.

Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калды. Орусиянын аскерлери заводго улам-улам чабуул жасап жатат.

15:13 30.4.2022

Британиялык министр: Путин 9-майда мобилизация жарыялайт

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Орусиянын президенти Владимир Путин 9-майда мобилизация жарыялашы мүмкүн экенин айтты.

Британиялык Daily Mail гезити жашыруун булактарга таянып, орусиялык генералдар Украинадагы кампаниянын жүрүшүнө нааразы экенин, кошумча күч болсо чабуулду улантууга ыктап жатканын жазды.

Бирок мобилизация согуш жарыяланган учурда гана мүмкүн. Кремл кол салууну ушул күнгө чейин "атайын аскердик операция" деп гана атап келет.

Жеңиш күнүнө карата өтчү аскердик парадга даярданган аскерлер. 28-апрель, 2022-жыл. Санкт-Петербург, Орусия.
Жеңиш күнүнө карата өтчү аскердик парадга даярданган аскерлер. 28-апрель, 2022-жыл. Санкт-Петербург, Орусия.

16:55 30.4.2022

Украиналык чалгын кызматы: жикчилдер үчүн медициналык кароону алып салышты

Украиналык аскердик чалгын кызматы "ДЭР" жана "ЛЭРде" аскерге чакырылгандар үчүн медициналык текшерүүнү алып салышканын билдирди. 20-апрелден тарта аскерге чакырылгандарга ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөй албай турганын далилдеген документтер берилбей калган.

Чалгын кызматы муну Украинада согушуп жаткан жикчилдердин түзүмдөрүнө кошумча күч керек болуп жатканына байланыштырды. "Алар чоң жоготууга учурап жатат. Мобилизация күчкө салуу менен жүрүп жатканын айткан күбөлөр жетиштүү. Аскер курагындагы эркекти кармап, фронтко биринчи мүмкүнчүлүк болгондо эле жиберип жатышат", - деп айтылат маалыматта.

20:26 30.4.2022

АКШ өлкөгө орусиялык илимпоздорду тарткысы келет

Жо Байдендин администрациясы орусиялык илимпоздорго АКШга кирүүдө жеңилдик бергиси келет. Бул жеңилдик магистрдик даражасы барларга, илимдин докторлору жана кандидаттарына бирдей тиешелүү.

"H1-B" категориясындагы виза жумушка дароо орношууга уруксат берет жана ал үчүн америкалык илимий мекеменин чакыруусу талап кылынбайт. Болгону окумуштуулук даражаны гана көрсөтүү жетиштүү.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып билдирди. Алардын пикиринде орусиялык илимпоздор үчүн жеңилдик согуш маалында Путиндин режимин интеллектуалдык жактан алсыздандыруу максатын көздөшү мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG