Пентагондун катчысы Путинди "бузукулукка жана мыкаачылыкка" айыптады
АКШнын коргоо министринин катчысы Жон Кирби Путиндин АКШга жана Батышка опузасын жана Украинадагы нацисттер тууралуу айтканын "таңкалычтуу" жана "орунсуз" деп сыпаттады.
"Бул риториканы анын Украинада кылып жатканына айкалыштыруу кыйын. Бейкүнөө адамдарды колун артына байлап, чыкыйга атып, кош бойлуу аялдарды өлтүрүп, ооруканаларды бомбалап жатат", - деди Пентагондун өкүлү.
Кирби Путинди "бузукулукка" жана "мыкаачылыкка" айыптап, акылдуу жана адептүү лидер Украинадагы окуяларды актап, жөн эле карап турмак эмес деп белгиледи.
АКШдагы Орусиянын элчиси Анатолий Антонов Пентагондун Орусиянын дарегине карата билдирүүсү "украиналык бийликтин калптарына таянган" "мазактоочу" жана "кабыл алынгыс" мүнөздө экенин билдирди.
Украинада жүрүп аткан куралдуу кармаштар. Карта Британиянын Коргоо министрлигинин 30-апрелдеги маалыматы боюнча түзүлгөн.
Орусиянын ракета менен аткылоосунан 30-апрелде Одесса аэропортунун учуп-конуу тилкеси талкаланды. Украинанын "Түштүк" командачылыгы тилке пайдаланууга жараксыздыгын билдирди. Одессанын губернатору ракета Крым тараптан атылганын маалымдап, жабыркаган адамдар тууралуу маалымат жоктугун айтты.
Украин президенти Владимир Зеленский мындай чабуулдар уланып жатканда Москва менен тынчтык тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин билдирген. Расмий Москва буга санкциялар менен Украинага киргизилип жаткан куралдап тоскоол болуп жатканын айтты. Мариуполдогу курчоодо калган заводдо баш калкалап жаткан миңдей жай тургунду эвакуациялоого да "Батыштын санкциясы менен курал-жарагы жолтоо болгону" айтылган.
Бул аралыкта Донбасс менен Луганск аймактарында согуштук аракеттер уланууда. Орусия 30-апрелде 380 обьект аткыланганын билдирди.
Мариуполдогу курчоодо калган "Азовсталь" заводунан 20 адам - аялдар менен балдар эвакуацияланганын "Азов" полкунун командири Святослав Паламарь маалымдады. Анын сөзүнө караганда, эвакуация 30-апрелде, ишембиде болуп, адамдар Запорожьени көздөй жиберилди.
Мурдараак Орусиянын РИА Новости жана ТАСС маалымат агенттиктери "Азовсталдан" 25 жай тургун, анын ичинде алты бала коопсуз жакка чыгарылганын жазышкан. Телеграмм-каналдар БУУ жана Кызыл жарым ай коомунун катышуусунда жай тургундарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдашууда. Расмий Киев муну тастыктаган жок.