Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:16 1.5.2022

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган делегация Киевге барды. Алар украин президенти Владимир Зеленский жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Сапар тууралуу мурда кабарланган эмес.

Пелоси жолугушууда Зеленскийге украин элинин кыраандыгы үчүн ыраазычылык айтты:

"Эркиндик үчүн күрөшүңүздөргө ыраазычылык. Биз согуш бүткөнчө сиздер тараптабыз",- деди ал.

Жолугушуунун видеосу украин президенти Владимир Зеленскийдин Телеграмм-каналына жарыяланды.

Анда Зеленский делегацияга Киевге келгени үчүн ыраазы болгон.

"Биздин өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого жардам берип жатканыңыздар үчүн чоң рахмат!", - деп жазган.

Бул аралыкта Бириккен улуттар уюму (БУУ) Мариуполдогу курчоодо калган заводдон жай тургундарды алып чыгуу аракетин улантууда. Уюмдун өкүлү Савиано Абреу эвакуация маселеси Москвада жана Киевде көтөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Запорожье шаарында журналисттерге билдирди.

18:08 1.5.2022

Орусиянын Краснодар крайындагы орто мектептин мугалими - Маручана Воронина сабак учурунда согушка каршы пикирин айтканы үчүн иштен алынган. Буга нааразы болгон окуучулар менен ата-энелер мугалимди колдоп, жергиликтүү бийликке жалпы кат жазышты. Окуучулар мугалимин колдогон сүрөттөр тартылган плакаттарды алып келишкен. Шаардык бийлик мугалим иштен өз каалоосу менен кеткенин билдирүүдө.

Украинадагы согушка каршы маанайын билдирген мугалимдин сабагын окуучулардын бири телефонуна тартып алып, ата-энесине көрсөткөн. Алар эжейди "русофобиялык үгүт" жүргүзүп жатат деп айыптап, бийликке даттанышкан.

18:45 1.5.2022

Украин президенти Владимир Зеленский 1-майда Киевге сапар менен барган АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосини III даражадагы Ольга ордени менен сыйлады. Анын расмий сайтында сыйлык Пелосиге "украин-америка алакасын бекемдөөгө кошкон чоң салымы, Украинанын эгемендигин, көз карансыздыгын колдогону үчүн" берилгени айтылган.

21:37 1.5.2022

"Настоящее время" телеканалынын кызматкерлери Украинанын Николаев шаарына жакын жерде аткылоого кабылды. Бул тууралуу кабарчы Борис Сачалко билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG