Украина: Орусия менен сүйлөшүү тобунун мүчөсү Давид Арахамия жана вице-премьер Ирина Верещук Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан жүзгө жакын жай турганы чыгып кеткенин жарыялады. Верещуктун айтымында, Украина, БУУ, Эл аралык Кызыл чырым комитети биргеликте Орусия Украинада согуш баштагандан берки "эң оор операцияны" жүргүзүштү.
Украин президенти Владимир Зеленский да эвакуация иштери башталганын ырастады.
Украинанын Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация ишке ашты. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында расмий маалымат берди.
“Мариуполдогу "Азовсталдан" жайкын тургундарды эвакуациялоо башталды. 100 адамдан турган биринчи топ биз көзөмөлдөп турган аймактарга аймактарга баратат. Аларды эртең Запорожьеден тосуп алабыз. Биздин командага рахмат! Учурда алар БУУнун өкүлдөрү менен чогуу заводдун аймагынан жарандарды чыгарып кетүүнүн үстүнөн иштеп жатат”,-деп жазды ал.
"Азовсталь" заводунан алгач 20 адам - аялдар менен балдар чыгарылганын учурда заводдогуларды коргоп жаткан "Азов" полкунун командири Святослав Паламарь маалымдаган. Анын сөзүнө караганда, эвакуация 30-апрелде, ишембиде болуп, адамдар Запорожьени көздөй жиберилген.
Кийин Орусиянын РИА Новости жана ТАСС маалымат агенттиктери "Азовсталдын" аймагынан жалпы 46 адам чыгарылып кеткенин жазган.
Телеграмм-каналдар БУУ жана Кызыл жарым ай коомунун катышуусунда жай тургундарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жазышкан. БУУ да эвакуациялоо иштерин ырастады.
Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. Бирок “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган.
Расмий Киев заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Андан майнап чыкпай келген.
Улуттар Уюмунун баш катчысы мунун алдында Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда да ушул маселени көтөргөн.
Украин бийлиги заводдон бардык адамдарды алып чыгып кетүүнү талап кылууда. Орус бийлиги аскерлер багынып бериши керек деп келатат. Аскерлердин жубайлары Киевде митинг өткөрүп, аларды да чыгарып кетүүнү украин бийлигинен суранышкан. Мариуполдун бийлиги орус аскерлеринин аткылоосунан улам шаардагы 20 миң чамалуу тургун набыт болгонун билдирүүдө.
Орусиянын 18 шаарында 1-май демонстрацияларында 200дөн ашуун адам кармалды. Алардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда экенин, айрымдары 2-майдын таңына чейин сурак бергенин “ОВД-Инфо” басылмасы кабарлады.
Активисттер 1-май - Эмгекчилердин тилектештик күнүнө жана согушка каршы ураандар жазылган плакаттар менен пикет өткөрүштү. Москвадагы Пушкин аянтында "Тынчтык! Эмгек! Май!" деген плакат менен чыккан Дмитрий Силин аттуу жаранды да полиция кармап кетти.
Новосибирск, Екатеринбург, Нижний Новгород, Киров, Пермь, Ярославль жана башка шаарларда да ондогон адамдар кармалды.
Февралдын аягында Орусия Украинанын аймагына басып киргенден көп өтпөй мыйзамдар катаалданып, согушка каршы акцияларга көзөмөл күчөгөн. Митинг-пикет уюштургандарга "орус армиясын каралоо", анын ичинде "социалдык тармактарда жалган маалымат таратуу" сыяктуу жаңы беренелер менен административдик жана кылмыш иштери козголууда.
"Агора" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Орусияда согушка каршы билдирүүлөр жана сөздөргө байланыштуу кеминде 40 иш козголгон. Айыпталуучулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Согуш башталгандан бери 15 миңден ашуун адам камакка алынды. Аскердик цензура киргизилип, маалымат каражаттарына согушту мамлекеттик эмес позицияда чагылдырууга тыюу салынган.
Украинанын портторунда дээрлик төрт жарым миллион тонна эгин кармалып турат. Орусиянын куралдуу басып киргенине байланыштуу деңиз жолдору жабык болгондуктан азыкты экспорттоого мүмкүн эмес. Бул тууралуу DPA агенттиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү Мартин Фриктин билдирүүсүнө таянып жазды.
Фрик дүйнөдөгү азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн Украинанын данын башка өлкөлөргө жеткирүүнү жандантууга чакырды.
Батыш өлкөлөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам бир катар мамлекеттерде азык-түлүк каатчылыгы жана ачарчылык болушу мүмкүн экенин байма-бай эскертип келишет. Анткени бул эки мамлекет тең эгин дан азыктарын экспорттоочулардын алдыңкы катарында турат. Март айында БУУ азык-түлүк бааларынын кымбатташы 12% ашканын билдирген. Бул 1990-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.
Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы, Африкадагы жана Азиянын айрым бөлүктөрүндөгү азык-түлүк абалына коркунуч жаратты.