Орусиянын Украина менен чектеш жериндеги темир жол көпүрөсү жарым-жартылай бузулду. Бул тууралуу Курск облусунун губернатору Роман Старовойт жекшемби күнү "Телеграмга" жазып, Суджа-Сосновый Бор тилкесиндеги жүк ташуучу көпүрө бузулганын, жабыркагандар жоктугун билдирди.
Губернатор муну диверсия деп, кылмыш иши козголгонун, аны ким жасаганы аныктала электигин айтты.
Орус армиясы Украинага басып киргенден кийин Белгород облусунун Шебекин районундагы көпүрө жарактан чыкканы кабарланган.
Украина бийлигинин өкүлдөрү Беларустун же Орусиянын аймагындагы “темир жол согушу” тууралуу бир нече жолу айтышкан, бирок талкалоолордо Украинанын жоопкерчилиги тууралуу айтылган эмес.
Орусиянын чек ара аймактарынын губернаторлору Украинаны Орусиянын аймагын аткылоодо деп бир нече жолу айыпташкан. Белгород менен Брянскиде мунай сактоочу жайларда ири өрт чыкканда, орус бийликтери бир жолу Украинаны күнөөлөп, экинчи жолкусунда үн каткан эмес.
2-майда Украинанын орус аскерлери басып турган Мариупол шаарындагы жайкын тургундарды да украин бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарга эвакуациялоо аракеттери башталды. Бул тууралуу аталган шаардын мэринин кеңешчиси Пётр Андрющенко “Азаттыктын” украин кызматына кабарлады.
Мында “Азовсталь” заводунан чыккандар тууралуу эмес, шаардын орус армиясынын карамагында турган тарапта жашаган украиналыктар жөнүндө сөз болуп жатат. Аларды алып келаткан автобустардын колоннасы Мариуполдон Бердянск шаарына, андан ары Запорожье шаарына келет.
Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация ишке ашканын 1-майда украин президенти Владимир Зеленский билдирген. Ал БУУнун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен заводдон 100дөн ашык адам, көбүнчө аялдар менен балдар бошотулганын Твиттерге жазган. Алар 2-май кечке чейин Запорожьеге алып келинет деп күтүлүүдө.
Мариупол жайгашкан Донецк облусунун аймагында өзүн-өзү жарыялап алган “Донецк Элдик Республикасы” жикчил түзүмү “Азовсталь” заводунан 80дей жаран чыгарылганын, анын 11 Мариуполдо калып, 69у Украина көзөмөлдөгөн аймакка чыгып кеткенин кабарлаган.
Украина мурдараак Москваны “Мариупол шаарындагы тургундарды мажбурлап Орусияга чыгарып кетип жатат” деп айыптаган. Орус бийлиги аларды депортация кылбай, тескерисинче “гуманитардык коридор” ачып берип жатканын билдирген.
Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Шаарда канча киши өлгөнү белгисиз.
Oryx долбоору сүрөт-видео далилдерге таянып, орус армиясынын согуштук техникаларынын тарткан чыгымдарын эсептеп жатат. Маалыматка ылайык, согуш башталгандан бери Орусия Украина аймагында 600 танкынан кол жууду.
Алардын 312си жок кылынса, 17си бузулду, 49 ташталып, 222 танкты украин армиясы өткөрүп алган.
"Коркунучтуу! Акыр заманды көрсөткөн фильмдердеги көрүнүштөр ушул жерде да болду."
Мариуполдун жашоочулары шаар үчүн болгон күрөштө башынан өткөргөндөрүн айтып беришти.